Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?
 ЖЕТИМДЕР  7 бөлүм 

Сыдык Исмаилов өзүнүн жакын досу Чоконун үй-бүлөсү жөнүндө эсинен чыгарган жок. Ал көл башындагы басмачылардын, атактуу
Жантай, Жакшылыктардын чабуулунун мизин кайтарып уюшкан каракчылар менен салгылашып жаткан акыркы күндөр эле.
Ошол мезгилде Сыдык Чоконун үй-бүлөсү жөнүндө жаман кабар алды. Шайымкүл кичинекей кызы менен Чүй тарапка ооп кеткен бойдон өлүү-тирүүсүн билген киши жок экенин билди. Чыгымдуу Сыдык бул ишти ошол бойдон этибарсыз таштап койгон жок. Ал Нурлан менен Ракат тарбияланып жаткан балдар үйүнүн директоруна мындай
деген маанидеги кат жазып жиберди:
«Ардактуу Александра Жигайловна! Ал-абалды суроодон кийин сизден өтүнө турган бир чоң иш болуп калды. Сиздин балдар үйүндө
тарбияланып жатышкан Нурлан, Ракат Чокоевалардын энеси кичинекей кызы менен Чүй тарапка кеткен имиш. Эгер аман соо ошол
жакка жеткен болсо, ал балдарына барбай койбойт. Угушума караганда балдар үйүн чөйрөлөп кеткен көрүнөт. Мүмкүн болсо, ушул
аялдын дайнын билип, кайда, кандай жашап жаткандыгы жөнүндө мага тез аранын ичинде билдирүүңүздү күтөм.

Саламым менен С. Исмаилов, Пржевальск шаары. чK».

Козлова Исмаиловдун кайгылуу катына экинчи жумадан ийин жооп жазууга олтурду.

«Қымбаттуу Сыдык Исмаилович! — деп баштады ал. — Сиздин жазган катыңыз балдар үйүнүн коллективин чындап эле ойлонууга
алып келди. Нурлан, Ракат Чокоевалардын энеси дегеле балдар үйүндө болгон эмес. Сиздин сурооңуз боюнча «Социализм» артелине да барып сураштырдык. Бирок, андай аял жок болуп чыкты. Ушул кыска
мөөнөттүн ичинде тиешелүү мекемелер менен органдар аркылуу башка жерлерден да издештирип көрдүк. Бирок, бардыгы натыйжасыз болду. Демек, балдардын энеси Чүй өрөөнүнө келген эмес. Анткени,
Чүй бетине келген эне, балдарын көрүүгө бизге сөзсүз келүүгө тийиш болучу.
Мен балдарды аяймын. Алар энесин көрүүгө абдан ынтызар.
Биздин мамыкка бөлөп, май бергенибизден, эненин териге ороп, суу бергени алар үчүн артык эмеспи. Азыр балдардын экөө тең жакшы окуп жатышат. Мындан аркы окуудагы ийгиликтерге жетишүүсүнө канат байлоочу зор күч — ал эне. Балдар энеси менен сөзсүз көрүшүү керек. Алар энесин сагынып, куса болуп жүрөт. Азырынча балдарга
эч нерсе айтылганы жок. Сиз да, биз да дагы бир жолу тереңирээк изилдеп көрөлү. Бактыга жараша бир жерден болбосо бир жерден
табылып калуусу ыктымал.

Саламым менен Козлова».

Балдар үйүнүн директорунан келген кат Сыдыктын үмүттүү жүрөгүнө өрт койду. Ал эки колун желкесине алган калыбында шыпты кирпик ирмебей тиктеп сулк жатат. Көз алдынан самтыраган ач-жылаңач Чоконун үй-бүлөсү биринин артынан бири кербендей тартылып өтөт. Алыстан-алыстан Шайымкүлгө окшогон аялдын сөөгүн көрөт.
Энесинен кийинчерээк өлгөнбү, айтор аялдын бооруна жабышып, башын көкүрөгүнө койгон, көкүлү маңдайына түшкөн кичинекей кыз жатат.
Сыдык ордунан ыргып турду. Бөлмөдө тамекини үстөкө-босток бурулдатып, аркы-терки баса баштады. Уктай турган мезгили өтүп, уйкусу качып кетти…
Туш-туштан издеп, эки жактан канчалык сурамжалдаштырганы менен Шайымкүл эртең мененки шүүдүрүм тамчысынан бетер дайын-
сыз жоголду да калды.
Ушундан кийин тез эле республикалык газеталардын бирине
коммунист Чоконун Совет бийлигин тургузууда көрсөткөн тайманбас эрдигин даңазалаган көлөмдүү статья басылып чыкты. Анда кыргыз элинин карапайым уулунун келечекке шилтеген алгачкы кадамы
Совет өкмөтүнүн саясатына туура түшүнгөндүгү, Владимир Ильич
Ленин түзгөн Коммунисттик партиянын ишине берилгендиги жазылган. Чоко жөнөкөй күрөшчү гана болбостон, сөзүнөн бал тамган чечен агитатор да болгон. Ал өзүнүн чукугандай кеп тапкан учкул сөз-
дөрү менен караңгы элди биригүүгө үндөгөн. Ал көздөгөн максатына ар дайым жетип турган. Чоко басмачылар менен кашык каны калганча салгылашкан. Эзилген элдин эркиндиги менен тең укуктуулугун коргоп жатып баатырдык менен курман болгон. Статьяда Чоконун жетим калган балдары Нурлан менен Ракаттын балдар үйүнө алынгандыгы айтылган. Ал эми баатыр коммунисттин жесири Шайымкүл менен кичинекей Токуштун дайынсыз жоголгондугу кайгылуу сөздөр менен белгиленген. Шайымкүл кайдадыр бир жерде тирүү болсо өкмөткө кайрылуусу эскертилген. Статьянын акырында мындай деген сөздөр бар:
«Ардактуу Шайымкүл! Биз эл үчүн, элдин бакты-таалайы үчүн өзүн курмандыкка чалган баатыр жолдошубуз Чокону эч
качан унутпайбыз. Ал сени, сенин балдарыңдын келечегин коргоп
калды. Буга мактанууга да, сыймыктанууга да акың бар. Жолдошторуң сени күтөт, Шайымкүл!

с. Исмаилов, чҚнын кызматкери, лейтенант».

Шайымкүл үчүн болгон мындай аракеттерден эч натыйжа чыккан жок. Анын не өлүүсү, не тирүүсү билинбей, убакыт учкан куштай кош
канатын сабап жатты.
Эмне кылуу керек? Шайымкүл менен Токуш жөнүндө Нурлан менен Ракатка айтуу керекпи же жокпу? Айтор бул суроо балдар
үйүнүн коллективи менен лейтенант Исмаилов, капитан Никонор Васильевич баш болгон бир топ кишилерди терең ойго салды.
Николор Васильевич менен Сыдык Исмаилов экөө кийинки кезигишкенде (Никонор Васильевич ал кезде Кыргызстандын түштүк
райондорунда иштеп жаткан болучу). Чоконун балдары жөнүндө даты сөз болду. Булар Пишпекте өтүүчү кеңешмеге келишкен. Қапитан бир топко унчукпай алдындагы кагазды чиймелеп, ага орок-балканын
«сүрөтүн түшүрүп жатып, колундагы карандашты столго шарт ыргытты да, ордунан көтөрүлө берип Сыдыкка мындай деди:
— Жолдош лейтенант, мен ойлонуп көрдүм. Балдарга энеси менен бөбөгүн өлдү деп ачык айтып угузуудан башка арга жок. Андай-
мындай деп калп сөздөрдү айтып ынандырып, балдарды алдоодон эчтеке чыкпайт. Чынын айтып түңүлтүш керек.
— Мен да ошондой деп ойлогон элем жолдош капитан, Жарайт, айтканыңызды орундатууга убада берем. Баса айтыңызчы, ал жакта
өз иштериңиз кандай?
Капитан тамашага чала сүйлөдү.
— Түштүктүн басмачыларына
караганда түндүктүн басмачылары бир аз жоошураак, момун келет
окшойт. Алар биздин айбатыбыздан суурдун ийнине киргенче шашышты эле, «Акмак арстан айга секирет» дегендей, түштүк жакта
күнгө секирген басмачылар да бар экен. Сен бир Жантай менен кармашып жатсаң, мен миңдеген Жантайлар менен салгылашып жатам, жолдош лейтенант. Ийгилик жаман эмес. Жакынкы күндөрдө алардын тукуму да курут болот. Өлүм аларды саат сайын, минут сайын күтүүдө.
— Мейли, өлүмдү каалагандар өлө берсин. А бизге болсо жашоо
да, эркиндик да, тынчтык да керек.
–Туура.
–Качан кайтасыз?
–Кеңешме кандай бүтсө, ошондой жолго чыгам. Чоконун уулу
менен кызына салам айтып кой. Мени келбеди деп капа болушпасын.
Кышында келгенимде барган элем. Директордун кабинетинде олтуруп балдардан чакыртсам, алар атаң келип силерди сурап жатат дешиптир. Мени көрүп экөө эки жагымдан басып жыгылышса болобу. Ракат менден не ажырасын. Өкмөттөн айланса болот. Жакшы багып жатышкан экен. Анан калса дегеле сүйкүмдүү балдар болу-
шуптур. Атасы маркум да өңдүү, сымбаттуу жигит эмес беле. Эх шайтан алгырдыкы, баарынан да Шайымкүлдүн жоголгонун карачы.
Ал сөзсүз өлдү. Болбосо кантип бир кабары болбосун. Сен шашпай эле кайтарсың. Қоркунучтуу душмандан көлдө саналуу эле кишилер калды Жантайдын тамырын кыркканыңды мурун эле уккамын.
— Иш толуп жатат ‘Никонор Васильевич. Качкындар көбөйө баштады. Байлар өздөрү менен кошо кедей-кембагалдарды да азгырып жатышат. Жакындан бери Карамурун деген жапайы жырткычтын кабары катуу угулуп жатат. Убакыт эсептелүү. Иштей турган иштер чачтан көп. Бирок, балдарга кайрылбай кетүүгө да болбойт.
Александра Жигайловна да келип кетсин деп сураган экен. Сыягы ошол иш боюнча сүйлөшөйүн деп жатса керек…
Дем алуу убагы бүттү. Никонор менен Сыдык бөлмөдөн чыгып көпчүлүк кирип жаткан кеңешме залын көздөй каалгый басып жөнөдү.

x x x

Сыдык балдар үйүнө жакындаганда ар түрдүү улуттун бир кылка балдарынан тизилген өзүнчө эле бир колонна аркы көчөдөн
ырдап келе жатышты. Аларды баштап келаткан күлүңдөгөн жайдары
аял. Балдардын жалпы чыккан назик үндөрү сыбызгыдай ичке да, тилдери таттуу да. Кээлеринин добушу жалпы үндөн бөлүнүп чыгат.
Тилдери анчалык так келбегендери менен анын сөздөрү ар кимисине
жат экендиги билинип турат. Балдар менен чогуу дарбазага жакындаган Сыдыктын кабагы жаркып, аларга маашырлана тиктеп тура калды. Балбылдаган сан көздөр Сыдыкка жоодурай карайт. «Келечектин ээлери» деди лейтенант ичинен. Аңгыча «саламатсызбы, жолдош офицер!» деп колдорун чекесине алып салют берген үндөр абада жаңырды. Короого кирери менен алардын катары бузулуп, кым-куут боло түштү. Сыдыкты ээрчий тиктеген балдардын «сенин атаң эмеспи? Жок мен тааныбайм. Кимге келди болду экен?» деп өз ара сүйлөп жаткан үндөрү арт жагынан кулагына шак дей түштү. «Менин атамды да, апамды да бөбөктөрүмдү да бүт бойдон басмачылар өлтүрүп кеткен. Мага эми эч качан атам келбейт. Мен эч кимди да күтпөйм».
Тестиер эркек баланын үнү муңайыңкы чыкты. Экинчи бала тигил баланын сөзүн жулду. «Биздин атабыз тирүү болгондо ушул кишиге
окшоп келип турат эле. Мен атамды түшүмдө көрөр бекенмин деп уктаар алдында дайыма ойлонуп жатам Бирок, түшүмө такыр кирбейт. Көп ойлосоң түшүңө ата-энең сөзсүз кирет деп Касен мени калп эле алдаптыр». Үчүнчү бала муштумун түйүп тигил баланың
маңдайына тура калды. «Мени калпычы деп коёт. Эче жолу калп айттым эле сага, ыя? Өзүң атанды жакшы эстеп жатпайсың да, мага
асыласың. Менин атам эмне үчүн күнүгө түшүмө кирет. Мен аларды
дайым жатарда ойлой берем, ойлой берем. Атам базарга барганда
алмаларды көп алып келүүчү. Бизге макиси менен алманын кабыгын
жука кылып аарчып берүүчү. Қабыгын такыр үзүүчү эмес. Тим эле
чубалжып упу-зу-ун болуп калуучу. Биз аны жыйып алып ойноочубуз. Кээде жеп коюучубуз. Билесиңби атам да, энем да бизге жалынып эле туруучу. Силердин ата-энеңер да меникине окшоп балдарын
жакшы көрүп туруучу беле?» Балдар жандана түштү. Ары карай
узап бараткан Сыдыктын артынан бир азга ээрчий карап турушту да,
чуркап жөнөштү.
«Агай, кимге келдиңиз?» «Қимдин атасы болосуз?» «Балаңыздын аты ким?» «Биз чакырып беребиз, агай». Балдар Сыдыкты куччай басышты.
— Жакшы балдар экенсиңер го, Кам көргөнүңөргө ракмат, айланып кетейиндер. Жакшы окуп, жакшы адам болгула. Менин бу
жерде балдарым жок. Қарындашым менен иним бар. Анан мен өзү
айтам, ошондо чакырасыңар.
— Аты ким, агай, алардын, айтсаңыз.
— Биз тааныйбыз.
Чоңбу?
Балдардын курчоосунда турган Исмаиловдун көңүлүн ары жан
тан келе жаткан директордун саламы бузду…
Сыдык биринчи жолу келгенде балдарга дем алыш экен. Алар
Пишпектин сыртына экскурсияга чыгып кетишиптир. Күтүүгө убактысы тар болгондуктан, келер-кетер сөздү Козлова менен сүйлөшүп
кайта тарткан. Исмаиловдун бул экинчи келиши болучу.
Нурландын чуркап келатканын айнектен көргөн Сыдык, эшик
алдына утурлай басты.
— Сыдык бай-ке-е! Жаздым дедирбей тааныган Нурлан жабыша түштү.
Қанатын жайган жигит баланы жерден көтөрө берип, чекесинен
чопулдатып өпкүлөп жиберди.
— Адам болуп калган турбайсыңбы. Ракатың чоң кыз болдубу?
Нурлан башын ийкеди. Сыдык колунан жетелей басып Нурланды табуреткага олтургузду.
— Жок байке, сиз олтуруңуз. Мен туруп турам. — Сыдык көчүк басты. Баланы олтурууга тизесинен орун көрсөттү. Нурлан олтуруудан жазганып, Сыдыктын ийнине колун коюп, жылдызын кармалады.
— Билесизби, биз энебизди абдан сагындык. Ракат болсо араң
эле жүрөт. Күндө эле энемди сагындым деп ыйлай берет. Былтыр да барбай калдык. Деги быйыл барабызбы, байке?
– Нуке! Сен жигитсиң да. — Сыдык баланы алдын ала жайкап алдап-соолап сүйлөдү.
— Бала болсоң да бир нерсеге түшүнөт го деп ойлойм. Акыздар болсо кайраты жок, жеринен жашык болушат.
Мен сага… — Сыдыктын үнү титиреп, муңканып чыкты. Ал сөздү токтоп-токтоп сүйлөдү.
— Энеңден такыр кабар ала албай койдук. Алар ушул жакка барабыз деп өткөн жылы кеткен бойдон…
Нурландын наристе жүрөгү булкуп алды. Өңү сустая түштү. Бир демге кирпик ирмебей, Сыдыктан эки көзүн албай үмүтсүз жалдырады. Эриндери эпсиз кыймылдап турду. Ал бакырып жиберүүчүдөй,
Көздөрүнүн кычыгына толгон мөлтүр жаш уламдан-улам чанагына
батпай кылкылдап баратты.
Баланын аянычтуу адамдын жүрөгү чыдап тургус кебетесин
көргөндө Сыдыктын көзү тумандап, чекеси кысылды. Бармактай болгон баланын ички дүйнөсүнө дүрбөлөң түшө баштаганын сезген жигит Нурландын көзүнөн көзүн ала качты. Аны чыдап карап турууга
адамдык кудурети такыр жетпеди. Сыдыктын оозунан чыга албай турган бөгөт эми быт-чыт түшүп алдында кыйрап жаткандай болду.
Исмаилов Нурланды калчылдаган колу менен кыса кармап, өзүнө бурду.
— Оо, армандуу байкушум, сени менен ушинтип көрүшмөк экенмин, ээ. Канчалык ыйлап, канчалык күйсөң да байкуш энең келбес сапарга кетиптир, Нуке. Өлгөндү тирилтүү, жоголгонду табуу колумдан келер иш болсо, минтип алдымда сени ыйлатып коюп турбайт элем го. Байкуш Шайымкүл, бала деп жүрүп балдарынын убайын
көрбөй өлүп кетти. Мен ошону сага кантип угузаарымды, кантип
оозум батып айтаарымды билбей, башым айланып, кулагым чуулдап
олтурбайбы.
Нурландын жүзү кубаргандан кубарып баратты.
Энемби? Э-нем, чын эле өл-дү-бү, байке?
Ооба, Нурлан, энең менен Токуш өлдү деп уктум, айланайын.
— Байке! Айланайын байке, өлдү дебечи энемди. Андай суук сөздү Ракатым укпасынчы. Э-нем чын эле бизди таштап өлүптүрбү? —
Сыдыктын кучагынан бошоно түшкөн бала үстөмөнүнөн кетти.
— Э-не, эне-ке! «Э-не-ке байым-ай! Ой, Токушум ай. Айрылдыкпы силерден.
— Нурлан үнүн баспай өксөп жатты. Сыдык баланы жерден көтөрүп алып
Бир кезде Александра Жигайловнаны караса, оозун бет аарчысы
менен басып алып, шолоктоп ыйлап жатыптыр. Көрсө Александранын
эне-атасы 1917-жылы кышкы сарайды талкалоодо баатырдык менен
курман болуптур. Энеси Анна да көрүнүктүү революционерка экен.
Бир чоң үй-бүлөдөн тирүү калганы Қозлова болуптур. Азыр анын жүрөктөгү каткан жарасын Нурлан тырмап алгандай кансырап кетти.
Оюнда эчтеке жок ойноп жүргөн Ракат, балдардан Нурланды
циректор өз кабинетине чакырып кирип кетти деген сөздү угуп чымын-куюн болуп жөнөдү. Үйгө шыдыр кире албай, эшиктин чала жабылган жылчыгынан шыкаалап акмалаган Ракат Нурландын чырылдаган үнүн угуп, эшикти бардык күчү менен шарт ачып жиберди.
Қыз турган ордунда таштай катты. Нурлан Ракатты көздөй талпынды. Энеси менен сиңдисинин караанын көзгө сүртүүгө зар болуп, кусаланып жүргөн Ракат «Энем өлүптүр!» деген бир тууганынын суук
сөзүн укканда кулундай чыңырды. Анын муңканган ачуу үнүнө
Нурландыкы кошулуп, директордун кабинетинин ачык терезесинен
кош жебедей атылып чыгып, абага аралаша түшүп, күүлдөп, айлана
чайпалып жатты. «Энеке! Қагылайын энеке! Бизди сен да таштап
кеттиңби? Токуш экөөң жарык дүйнөдөн жадап, өмүрдөн өлүмдү
жакшы көрдүңөрбү. Биз экөөңөрдөй асыл эне менен, алтындай бир
тууганды кайдан табабыз. Ракат экөөбүздү кантип караан талаага
таштадыңар. Эми биз кантип күн көрөбүз. Эне деп кимге эркелейбиз.
Кимди эстейбиз, кимди сагынабыз, кимге көзүбүздү артабыз. Оо кудай, ушундай да акыйкаты жок таш боор болорсуңбу?» Балдардын муунду бошотуп, дене бойду дүрүлдөткөн муңдуу үнү, алардын көөдөнүн жарып чыгуучудай дүпүлдөгөн кичинекей жүрөктөрү ушинтип сүйлөп, ушинтип жулкунуп жаткансыды.
Қороодо бейкапар ойноп жүргөн өспүрүмдөр оюндарын тык токтотушуп, муңканган добуш чыккан жакка элөө карап, кулактарын
салып үрпөйүшөт. Айланада аба тынып, теребел сумсайып Ракат менен Нурландын көз жашын, көкүрөк дартын өзүнө сыйдыра албай
демигип тургансыды. Асман менен бой тиреше өскөн бай теректер жетимчелерди аягандай, алар менен кошо муңкангандай коюу көк
жалбырактарын төмөн карай самсаалатып акырын онтойт. Асмандагы күн да балдардын күйүтүнө туруштук бере албагандай ачуу демин чыгарып жер-сууну каарып алоолойт.
Өпкөсү көөп солуктаган Нурлан менен Ракатка Сыдык менен директор убара.
— Айланып кетейин жетимчелерим, силер мени кечирип койгула.
Тынч көңүлүңөргө күтүлбөгөн жерден күйүт салдым. Жакшы кабар
айтып кубандыруунун ордуна жаман кабар алып келдим. Болору
болду. Шордуу энеңдин өлгөнүн жашырып, экөөңдү жалган жеринен
жаркытууга кудуретим жетпеди. Ооба, Нурлан, силерди калп айтып
алдоого акым жок. Минтип тил албай ыйлай берсеңер экинчи бул
жерге, силерди издеп эч качан келбейм.
Экөөнү алдап-соолаганы менен Сыдык балдардын алдында күнөөнүн эң эле оорун, эң эле жаманын көтөрүп тургансыды. Рас эле
Ракат менен Нурландын наристе сезимине чок салган Сыдыктын өзү
эмей ким. Ал болгондо да эң жаман, эң эле ырайымсыз сөздү айтты.
Өлгөндү угузду. Бир эмес, эки бирдей кишини. Алар балдардын өзөгү
менен өзөктөш, жүрөгү менен жүрктөш, каны менен каны бир – эне
менен бир туугандар эмес беле
Александра Жигайловна Ракаттын эки жаагына эки алаканын
коюп, анын жүзүн жаш чалган убайымдуу көздөрү менен тиктеп туруп бетин бетине такады.
— Көзүңдөн кагылайыным, укчу мени, ыйлабачы. Нуке экөөң
эгер минте берсеңер мен бул жерге турбайм. Кетип калам. Мейлиби?
Аялдын ысык жашы Ракаттын жашына аралашып салаа-салаа
болуп куюлуп турду.
– Кетпеңиз, Александра Жигайловна! — Ракат жашын жутту.
Ыйлабайсыңарбы?
Қыз башын чайкап, ыйлабайм дегендей аялга убайымдуу көзү
менен телмире тиктеп букулдады…
Эми Нурлан менен Ракатка балдар үйүндөгүлөрдөн башка ыраа
карап күйөр да, сүйөр да жок. Бул жай алардын өз үй, өлөң төшөгү.
Учарга уясы, конорго тууру. Экинчи энеси, ардактуу атасы…

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE