Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда социалдык тармак аркылуу экстремисттик уюмдун маалыматтарын тараткан шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында социалдык тармактагы баракча аркылуу экстремисттик көз карашты жайылткан 30 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын биринин материалдарын ачык түрдө сактап, Фейсбук социалдык баракчалары аркылуу чакырыктарды жасап, бөлүшүп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликөө иш-чараларынын жыйынтыгында диний-экстремисттик, террористтик багытта аныкталган социалдык баракчаны колдонгон шаар тургуну аныкталды.

«Бул факты боюнча чогулган материал 18-августта Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө диний-лингвистикалык жана техникалык экспертизалар дайындалып, натыйжада Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик «Өзбекстан ислам кыймылы» уюмуна тиешелүү материалдарын бөлүшүп жүргөнү такталды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жаран Жалал-Абад шарынын 1992-жылы туулган тургуну Х.Ф. экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кечээ, 24-августта Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш ишти соттун кароосуна өткөрүү максатында тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE