Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү район-шаарларга өрт өчүрүүчү 6 унаа берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун район-шаарларына 6 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин облустагы башкармалыгынан билдиришти.

Унаалар Балыкчы, Каракол шаарларына, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондоруна берилди.

«Буга чейин акыркы жолу 2009-жылы «ЗИЛ» үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаалар берилген. Ал эми «КамАЗ» үлгүсүндөгү жаңы унаалар Россиядан 2021-жылы чыгарылган. «ЗИЛ» өрт өчүрүүчү унаасына 4 тонна суу батса, жаңы унаага 6 тонна суу жана көбүк суюктук батат. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр үчүн табы күчтүү өрттөргө кийүүчү атайын формалар камтылган», — деп айтылат маалыматта.

Унаалардын ичинде куткаруу иштерине арналган шаймандар да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE