Пример HTML-страницы

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров өздүк курам менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу облустун бардык шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө өздүк курамдын иштөө шарттары менен таанышуудан башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин башчысы бөлүмдөрдүн штаттык бирдиктердин толугуна, аткарылып жаткан иштерге жана орун алган көйгөйлүү маселелерге көӊүл бурду.

Ошондой эле Ички иштер министрилигинин жыл жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында коюлган талаптар жеткирилип, министр Улан Ниязбеков тарабынан белгиленген 10 багытка басым жасады.

Орунбай Кочкоров бөлүмдөрдүн иш кагаздарын текшерип, арыз берүүчү бурчтарды карап чыкты. Мындан тышкары акча төлөп, батирлерде жашаган кызматкерлердин жашоо шарты менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE