Пример HTML-страницы

Turmush: 100 жылга жакын өскөн өрүктү кыйып, 50гө жакын комуз жасадым,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районуна караштуу Светлая Поляна айылынын тургуну Рыспек Мамытканов облуста өскөн мөмө бактары — өрүк, алма, алмурут жана кара жыгачтан комуз жасап келет. Устанын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Рыспек Мамытканов 1959-жылы 20-сентябрда туулган. Мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарынан архитектура тармагы боюнча билим алган. Андан кийин облуска келип, кесиби боюнча иштеп баштаган.

Бирок бала кезинен кол өнөрчүлүккө кызыккандыктан Каракол шаарындагы «Насыйкат» аталышындагы кол өнөрчүлөрдүн ишканасына кирип, бул тармакта иштеп баштаган.

«Анда 1989-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башы эле. Пржевальск шаарындагы «Насыйкат» ишканасына кирип, иштеп калдым. Ишкананы эмгек синирген ишмер, артист, маркум Ботпай Куланбаев жетектечи. Ал комузду жакшы чабар эле. Андан комуз чабуунун сырын үйрөндүм. Алгач комуз жасоого киришип, сылап сыйпап жатып, аябай аракет кылып жасадым. Ботпай Куланбаев: “жасап бүткөндөн кийин комуздардын арасына илип кой” деди. Ошол жерде илинип турду. Аны карап коюп турчумун. Андан соң, 3-4 комузду бир жасап, комуз чабуу ишин алып кеттим. Бирок ошол кезде заман ошондой болуп, жасалган комуздар музыкалык мектептерге кетип, алардан акчасы которулбай кечиктирилип келчү. Жасаган эмгегибиздин акысын көпкө күтүп калчубуз», — дейт ал.

Каарманыбыз эгемендүүлүк жылдардын башында үй эмеректеринен тарта ат арабаларга чейин ар кандай буюмдарды жасаган.

«Ортодо токтоп калдым эле. Акыркы 10 жылдан бери комуз жасап жатам. Негизи музыкалык аспаптардан ооз комуз жана кыл кыякта да жасайм. Бирок суроо-талап комузга эле болгондуктан, комузду көп жасап келем», — дейт ал.

Уста комузга керектүү жыгачтарды кыш айларында даярдайт.

«Мөмө-жемиш бактары, кара жыгач болсун согу кеткен кыш айларында даярдоо керек. Кышында бактарды кыйып коюп, күн жылыгыча даярдаса болот. Бирок күн жылыганда бул бактар жарыла баштайт. Андыктан ага чейин керектүү көлөмгө кесип коёбуз. Андан кийин алардын ичиндеги суюктук, чайырын чыгаруу керек. Анда 200 челекке суу куйуп, сомдоп чабылган жыгачтарды 8 саатка чейин кайнатуу зарыл. Ошондо көбүк чыгып, жыгачтагы чайыр чыгат. Андан кийин көлөкө, шамал болбогон жерге кургатуу керек. Мынтип даярдаган материал 3 жылга чейин сакталат. Негизи көп комузду бир жасаган жакшы. Убакыт да үнөмдүү болот. Ошондуктан 15-20 комузду бир жасайм. Убагында 300 гө чейин комузга керектүү материал даярдап койгом. Ошолорду четинен жасап жатам. Негизи ар жылы даярдоо ишин кылбай, 3-4 жылга жеткидей матерал даярдап коём», — дейт ал.

Рыспек уста бактын көлөмүнө жараша бир бактан ар кандай сандагы комуз чыгарын айтат.

«Мисалы, бир өрүктөн 50 комуз чыккан учур да болгон. Жеңиш айылында жашаган Кубан Токтогулов деген досума “өрүк керек, комуз чабам” деп айтып калдым. Ал чоң атасы тиккен өрүк багы бар экенин, анын ордуна үй саларын айтып, кыйып алууга берди. Чоң атасынын эмгеги комуз болуп, дагы да эстеликке калсын деди. Бир кулач болуп, 100 жылга жакын өскөн өрүктү кыйып, кестирип даярдаганда 50гө жакын комузга керектүү материал болду. Анын ичинен экөөнү аябай аракет кылып, жакшы жасап, досума белек кылдым. Чоң атасынын тиккен өрүгүнөн жасалган комуз ага эстелик болсун дедик», — дейт уста.

Мамытканов жасаган комуздардын ичинен эң кымбаты 10 миң сомго бааланган өрүк комуздар.

«Негизи өрүк комуздар кымбат. Бирок көбүнчө үйүмө келип, өнөрүмдү баалаган адамдар алгандыктан аларга да келишим баада сатам. Алма, алмурут өрүктөр андан кийин сатылат. Ошондой эле, фанерадан да комуздарды жасаса болотю

Жаңы комуз үйрөнүп жаткан балдарга өрүк комуздар кымбат болуп калат. Андыктан фанерадан жасалган комуздарды сунуштайм. Бир жолу музыкалык мектепте иштеген адамдар келип, “балдарга баасы ыңгайлуу, ушундай жасап берсеңиз” деп, атайын фанера комузун алып келип беришти. Комузду толугу менен чачыратып, анын нускасында көмуздарды жасадым. Алардын баасы 3000-3500 сомдон болгондуктан тез-тезден өтөт. Аны менен катар алардын күүсү дагы жакшы чыгат. Ошондой эле, кичинекей сувенир комуздарын да жасайм», — дейт ал.

Рыспек Мамытканов 3 эркек жана 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE