Пример HTML-страницы

Токмокко жакын аймакта «Жигули» талкаланып, эки адам жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-августта Токмок шаарына жакын жерде, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 73,500-чакырымында «ВАЗ 2105» үлгүсүндөгү унаа күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатканда «Sinotruk Howo» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Жүк ташуучу унаа жолдун сол жагынан чыга калган.

Жол кырсыктын кесепетинен «ВАЗ 2105» унаасынын 1989-жылы туулган айдоочусу Н.Т.Т. жана 1966-жылы туулган жүргүнчүсү И.Д.Б. Токмок шаарындагы ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE