Пример HTML-страницы

СЕМИРИП КЕТУУ ЖАНА АНЫ МЕНЕН КУРОШУУ!

https://kyrgyzcha.site/?p=47549&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СЕМИРИП КЕТУУ ЖАНА АНЫ МЕНЕН КУРОШУУ!

Аялдардын арасында “кантип ашыкча салмагымдан арылам?” деген суроо дайыма көйгөйлүү болуп келет. Бирок кээде эч кандай аракет жыйынтык бербеген учур болот. Эгерде өзүңүздү семирүүнүн кайсы түрүнө кирериңизди аныктап алып, анан аракет кылсаңыз, натыйжалуу болот.

ТАМАКТЫ АШЫРА ЖЕГЕНДЕН СЕМИРҮҮ

Тамакты ашыра жеген — дүйнөдөгү семирүүнүн башкы себеби. Эгерде сиздин да өйдөңкү тарабыңыз бир кылка семирсе, демек, сиз кантты абдан көп колдоносуз жана көп тамак жейсиз. Ишенбесеңиз өзүңүздүн жеген тамагыңызды башкалар менен салыштырып көрүңүз. Мындай шартта сизге жөнөкөй үч эреже жардам берет. Биринчи: тамактанарга жарым саат калганда сөзсүз түрдө 500 мл таза суу ичиңиз. Бул сизге тамакты ашыкча жегенге жол бербейт. Экинчи эреже: чай менен кофени кантсыз ичүүгө үйрөнүңүз (бара-бара көнүп кетесиз, керек болсо сизге жагып калат). Анан акыркысы: күн сайын жок дегенде 30 мүнөт физикалык көнүгүү жасаганга аракет кылыңыз. Ушундай шартта диетасыз өз калыбыңызга келе аласыз.

«НЕРВДҮҮ» КУРСАК

Эгерде сиздин курсагыңыздын айланасы гана семирсе, анда анын себеби жашоодо сиз депрессия, стресс же дайыма коркунуч сезиминде жашайсыз. “Нервдүү” курсак менен жашаган адамдар стресстен кутулуу үчүн ден соолугуна зыяндуу таттуу азыктарды көп жешет. Сиз сарсанаа болбой, маанайыңызды ачып, стресстен чыгуунун башка жолун тапканыңызда гана таттууну аз жегениңизге күбө болосуз жана курсагыңыздан кутуласыз.

ГОРМОНАЛДЫК ӨЗГӨРҮҮ

Ашыкча салмакты сан этине чогулткан адамдар гормоналдык өзгөрүүнүн курмандыгынан болушат. Мындай семирүүдөн жапа чеккен адамдар аны менен күрөшүү үчүн тамеки тартуудан, алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн сактануулары шарт. Ошондой эле аз олтуруп, көп кыймылдап, тамак сиңирүүсүн жакшыртуусу керек. Анан да демиңизди ичиңизге тартып, салмагыңызды көзөмөлдөп жүрүңүз.

ИЧ КӨҢДӨЙГӨ МАЙ ТОПТОЛУУ

Бул түрдөгү семирүүгө туш келгендер ич көңдөйүнө май топтошот, андан улам булардын дем алуусу кыйындайт. Мындай семирүүдөн кутулуунун эң алгачкы жолу — алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү токтотуу. Анан да эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, туура тамактанып, спорттун кайсы бир түрү менен машыгуусу шарт. Тамак-ашка малдын майын аз, өсүмдүк майын көп колдонуңуз. Ушундай жол менен курсагыңыздагы майдан кутулуп, 5 кгдан жогору салмак таштай аласыз.

ВЕНАДАГЫ ТҮТҮКТӨРДҮН СЕМИРИШИ

Адистердин айтымына караганда, семирүүнүн бул түрү генетикалык жактан улам деген күмөн саноолор бар. Ошондой эле бутка майдын топтолушу туура эмес жашоо образынан да болот. Бул олуттуу көрүнүш. Өзгөчө аял кош бойлуу кезинде күчөйт да, бул типке кирген аялдар дайыма бутунун шишиги менен күрөшүшөт. Аларга көп учурда жөө басуу, тепкичтен жөө чыгуу сыяктуу дайыма бутка күч келчү адаттар пайдалуу.

АРАКЕТСИЗДИКТЕН СЕМИРҮҮ

Семирүүнүн бул түрүнө киргендер — мурда физикалык жактан абдан активдүү болгон адамдар. Мисалы, спорт менен машыгып же оор физикалык жумуштарды кылгандар. Азыр алар активдүү эмес, кеңседе көп олтурушат, жөө эмес, автоунаа менен жүрүшөт, ошондуктан абдан чоң курсактуу болушат. Сизге ыңгайсыздык жараткан бул көйгөйдөн кутулуу үчүн узакка созулган ачкалыктан качышыңыз керек. Мурункуга караганда аз жана баттан тамактансаңыз, бул адатка айланган кечки тамактан куткарат. Антсе да баары бир жөө басканга аракет кылып, рационуңузду башынан түзүңүз. Жашылчаны көп, макаронду аз, жемишти көп, май токочту аз жеңиз.

Диетадагы жаңылыштыктар

1. Диета ден соолукка зыяндуу. Айрымдар “диета ден соолукка зыяндуу” деп айтышат. Бул туура эмес сөз. Ден соолукка туура эмес түзүлгөн диета гана зыяндуу. Эгерде организм керектей турган пайдалуу заттар менен коротула турган энергияга карата түзүлсө, анда ал организмди тазалап, жалаң гана пайда алып келет.

2. “Кечки тамакты душманыңа бер”. Элдик ишенимде “дал кечки тамак, өзгөчө кеч ичилгени, ашыкча салмак кошот” деп айтылат. Чындыгында ушул учурга чейин кеч желген кечки тамак майды бөлүп чыгарарын эч ким ырастаган эмес. Адам эртең мененки, түшкү, кечки тамактарды өз убагында ичсе, жеген тамагы эч качан ашыкча болбойт. Башка убактарда желген тамактар гана ашыкча болушу ыктымал.

3. Диета — бул дайыма ачка жүрүү. Арыктоону каалаган учурда ачка жүрүү туура эмес, тамакты аздан гана жеш керек. Адам тамак жегенге караганда суюктукту бат-баттан ичүүнү каалары мурда эле далилденген. Андыктан сууну көп ичүү керек, ал ачкалыкты көп сездирбейт.

4. Бардык даамдуу азыктарга тыюу салынат. Чындыгында туура түзүлгөн диета таттуу жана даамдуу тамактарды талап кылуудан толук түрдө баш тарттырат. Рационуңузга диетаңызга туура келген даамдуу жемиштерден кошуп алыңыз. Абдан катаал диетанын аягы да адамды сугалактыкка алып барат.

5. Майсыз азыктар менен тамактануу керек. Банкадагы “майлуулугу 0,1%” деген йогурт диеталык дегенди билдирбейт. Кандай болгон күндө да ал азыктын курамында кант абдан көп. Эгерде сүт азыктарын пайдалана турган болсоңуз, кошулмалары жогун тандаңыз.

6. Канчалык катаал диета болсо, ошончолук натыйжалуу. Катаал диета кармагандар бат жыйынтык бергенине кубанышат. Чындыгында алардын организминдеги май эмес, суу кетет. Эгерде организм өзүнө керектүү калорияны албаса, май оңой менен кетпейт, тамак сиңирүү системасы да 30 пайызга төмөндөп кетет.

7. Салат сымбаттуу кылат. Жашылчалар аз калориялуу азыктар деп эсептелингендиктен бардык диетада колдонулат. Өзгөчө капуста менен салат жалбырагы. Бирок аларды эч ким өзүн жебейт, ар кандай кошулмаларды кошуп салат жасап жешет. Тилекке каршы, салаттын кошулмаларынын бир кашыгы 80 калориядан турат. Андыктан лимон ширеси же соя соусун гана кошкон туура.

8. Баарына углеводдор күнөөлүү. Углеводдуу тамактардан баш тартканда жыйынтык бат болот деп ойлошот. Бул деле туура, бирок баарынан эмес, ун азыктарынан, кант, фастфуддардан гана баш тартуу керек. Башка углеводу аз ботко, жашылчалар организмге энергия берет жана жай сиңгендиктен токтукту камсыз кылат.

9. Тамактарды бөлүп жеш керек. Акыркы учурларда бул түшүнүк популярдуу болуп кетти. Көпчүлүк белоктуу, майлуу, углеводдуу тамактарды, күндүн ар кайсы бөлүгүндө өз-өзүнчө жеш керек деп эсептешет. Бирок бул туура тамактануунун эрежелерине кирерине кепилдик аз, муну жүзөгө ашырыш да кыйын. Мисалы, нандан углевод менен белокту кантип ажыратууга болот.

10. Туз – башкы душман. Тузсуз диета да кеңири жайылган диета. Бирок мындай шартта организм өзүнө керектүү натрийди ала албай калат, ион болсо кандын структурасын нормалдаштырууга жардам берет. Андыктан тузду аз колдонуу туура ыкма, таптакыр баш тарткан акылсыз көрүнүш деп айтууга болот.

 

 

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз..

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

Эгерде сиз өзүңүздүн салмагыңызды бир калыпта алып жүрүү үчүн атайын меню даярдап, диеталык азыктарды жазып жана аны колдонуп, азыктардын курамындагы майлардын өлчөмүн, таттуулардын калориясына карап тамактанып жүрсөңүз, бирок, ага карабай ашыкча салмактан арылуудан жыйынтык чыкпай жатса, демек, кээ бир азыктардын курамын жакшы өздөштүргөн эмессиз. Анткени, төмөндөгү 15 азыкты күнүмдүк тамак- ашыңызга колдонуп жүрөсүз, бирок, алар сизге салмак кошуп жаткандыгынан кабарыңыз жок.

 

Ананас

 

Ананастын курамындагы заттар майды ээритүүгө жөндөмдүү болгону менен, курамындагы канттын деңээли жогору. Демек, ананас жесеңиз ашыкча салмактуулукка жол ачасыз.

 

Салат

 

Айрыкча диета кармаган айымдар кайда конокко барбасын «Ой, мен диетадамын, салат эле жегенге уруксат, майлуу, куурулган тамак- аш жебейм»- деп айтышат. Чындыгында бул өтө күлкүлүү. Себеби, салаттардын дээрлик 90 пайызы күчтүү калорияга ээ. Салаттарга кошулган зайтун майы, майонез, эт азыктары, сыр, соустар жана башка ушул сыяктуу күчтүү азыктар.

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

 

Йогурт

 

Бир стакан йогуртта орото эсеп менен алганда 3 чай кашык кум шекер болот. Сиз билген жок белеңиз?! Ооба, дал ушундай. Андыктан йогуртту дагы тизмеден чийиңиз.

 

Авокадо

 

Ооба, пайдалуу жактары толтура. Маселен, курамында антиоксиданттар, витаминдер жана майлар бар. Ал эми курамындагы 100 грамм майдын өлчөмүндө 350 калория болот, демек, торопойдун майынан да көп болот.

 

Быштак

 

Акыркы изилдөөлөрдүн алкагында быштак арыктоого жардам бербей тургандыгын жана тынымсыз быштак жеген айымдарда целлюлит пайда болоорун аныкташкан. Себеби, курамындагы көмүртек лактозу себепчи болот. Демек, абайлаңыз.

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

 

Кара шоколад

 

Сүттү ак шоколадка караганда кара шоколаддын пайдалуулугу тууралуу ар дайым эле угуп келебиз. Бирок, бул салмак кошууга жөндөмдүү келет. 100 грамм кара шоколадда 546 калория болот, ал эми 100 грамм каймак майда 600 калория… Эми салыштырып көрүңүзчү…

 

Кофе

 

Эгер кофени кантсыз жана сүтсүз иче алсаңыз, анда азаматсыз. Себеби, кант менен сүт кошулган кофеде 400 грамм калория болот. Ал бир порция макарон сыры менен дегендикке жатат.

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

 

Фреш

 

Бир стакан ширеге 4-5 апельсин же 6 алмадан даярдалат. Анын курамында канча кант болоору айтпаса да белгилүү эмеспи.

 

Жумуртка

 

Бир күндө бир эле жумуртка жетиштүү болот. Мындан сырткары, ага башка нерсе кошпой кабыл алган дурус.

 

Сыр

 

100 грамм сырда 40 пайыз май болот. Андыктан сырды абдан эле жакшы көрсөңүз аптасына бир эле жолу жегенге көнүңүз.

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

 

Шарап

 

Бир бокал шарапта 100 калория болот. Эгер аны кайсы бир азыктар менен кабыл алсаңыз, маселен жемиштер же сыр менен, анда 250 калория алган болосуз.

 

Суши жана роллы

 

Япон айымдарынын дене- мүчөсү келишимдүү болот эмеспи. Анткени алар ар дайым деңиз азыктары менен тамактанышат. Балык, күрүч жешет. Ал эми балык куурулганда же ышталганда баалуулугун жоготот, калориясы жогорулайт. Ал эми туздалган күрүч организмгде ашыкча суюктукту кармап турат. Бул зыян.

 

Күн сайын колдонгон бул азыктардан улам сиз ашыкча салмак кошосуз

 

Кургатылган жер- жемиштер

 

Мындай жемиштердин курамындагы калория жаңы жемиштердикинен 6 эсе жогору болот. Андыктан бир күндө бир эле даана жеп коюңуз.

 

Тофу

 

Тофунун 100 граммында 60 калория бар. Бирок, ал оргинизмге кирген соң өзүнө башка майларды топтоп, жыйнай баштайт. Айрыкча бел жана ич тарапта.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE