Пример HTML-страницы

Ошто теологдор мектеп директорлору аларды жумушка кабыл албай жатканын айтып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-сентябрда АКИпресс-Ошто теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү маалымат жыйын өткөрүп, президенттин жарлыгы билим берүү уюмдарында толук аткарылбай жатканына нааразычылык билдиришти.

Алардын айтымында, мектептерге киргизилген диндердин өнүгүү тарыхы сабагын окутуу үчүн теологдор документ алып барганда мектептер кабыл албай жатат.

Президент 2022-жылы 7-июнда кол койгон жарлык боюнча, диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:

— диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;

— кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалими квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдарга;

— диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

Теологдордун айтымында, бул жарлык ишке ашпай, теолог адистер жетиштүү болгонуна карабастан мектеп директорлору тарыхчыларды эле кайрадан окутуп, теолог адистерден баш тартып жатышат.

Теолог Иманбек Азизилла уулу бул сабакты өзүнүн атайын жогорку билимдүү адистери окутпаса, өз максатына жетпей калат деген оюн айтты.

«Президенттин бул жарлыгы учурдагы диний абалды стабилдештирүү, диний толеранттуулук, диний сабаттуулук үчүн убагында кабыл алынган мыкты жарлык деп эсептейбиз. Бул жарлыкты маанилүү, олуттуу кабыл алып жатабыз. Бирок райондук, шаардык билим берүү башчылары теологдорду кабыл албай, башка адистерге бул сабакты берип коюу менен сабакты окуучуларга артыкбаш, кошумча гана сабак катары кылып, олуттуулугун жоготуп коюп жатат. Мисалга айтсак, Ош шаарындагы мектептердин көбү теолог адистердин документтерин кабыл алышкан эмес. Кээ бир райондор кабыл алышканын да айта кетейин. Бирок теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү барганда «саат аз, айлык деле чыкпайт» дегендей шылтоолорду айтып, мектеп директорлору жолотпой жатышыптыр. А теолог адистер айлыкка кызыккан деле жок. Жөн гана «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген максат. Биз бул боюнча Билим берүү министрлигине, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларына кайрылганбыз. Жыйынтык болбогондуктан президентке кайрылуу катын жолдогонбуз. Андан кийин кээ бир адистерди мектеп директорлору чакырган, бирок мындан да жетишерлүү жыйынтык чыккан жок», — деди И.Азизилла уулу.

Өлкөдө 5 окуу жай теолог адистерин окутуп чыгарат. Алар: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети, Арашан гуманитардык институту, Ислам университети жана Ош мамлекеттик университети. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү буга чейин мектепте кыскартылып киргизилген адеп сабагынан мугалим, ошондой эле казыяттарда, муфтиятта иштеп келишкен.

Теология факультетинин бүтүрүүчүсү Асылбек Абдуганиев жарлыкка ылайык, диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча тренер болгон. Бирок 5 жыл окулган предметти 3 күндө жеткирүү такыр мүмкүн эмес экенин айтат.

«Бул сабак пилоттук негизде 9-класстарга кирет. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да окутулат. Быйыл 1 жумалык онлайн жана оффлайн окутууда тренер болдум. Ошондо көпчүлүк тарыхчылар «бул сабакты теологдор эле окутканы туура» деп айтышты. 5 жылдык программаны 3 күндө жеткирүү такыр мүмкүн эмес. Максатыбыз тарыхчылар менен сабак талашуу эмес. Эгер кайсы бир аймакка теолог жок болсо, тарыхчылар ошол сабакты өтө берсин. Биз ар тараптан жардам берүүгө даярбыз. Айлыктарына деле кызыккан жокпуз. Биздин максат өлкөдөгү диний абалды жөнгө салууга салым кошуу, өз билимибизди өлкө үчүн пайдалануу гана максатыбыз бар», — деди ал.

Теолог адиси Али Жусубалиевдин айтымында, бул сабак боюнча теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү бүт мектепти камсыздай алат.

«Өлкөдө 5 окуу жай диний жактан жогорку билимдүү адисти даярдап берип жатат. Ал диний окуу жайлар укук коргоо органдары тарабынан программасы текшерилип турат», — деди ал.

Ошондой эле теолог Өскөнбай Зууридинов сабактын мазмуну боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Сабактын программасы оор түзүлүп калган. Мазмунун карадым, бул программаны биздин факультетте 1-курс эмес, 2-курста гана окутабыз. 9-класс үчүн оор темалар тандалган. Мазмунун бекиткен комиссия мүчөсүнүн курамына теологдор болгон. Бирок алар азчылыкты түзүп калган. Албетте, бул программа дагы толукталат деп ойлойбуз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE