Пример HTML-страницы

Козу ачык. (Ангеме)

https://kyrgyzcha.site/?p=38182&preview=true Кызыктуу окуялар.

Козу ачык.

(Ангеме)

Кемпир небересин мектепке жөнөтөрдө мештин түбүнө олтургузуп алып, чачын мүйүз тарак менен сыйда тарап, чынжырдай кылып эки өрүп берди. Бул анын күн сайын кайталай турган иши. Тестиер кыздын өзүм эле таранам дегенине чоң энеси ынабайт. Кыздын чачын кичинесинен бери ушинтип суулап, бекемдеп өрөт. Чачын тарап олтурганда баягы сөзүн кайталагандан тажабайт кемпир.

 

– Балам, Кудай биздин тукумга касиет берген. Сен ушуну эсиңден чыгарба. Менин алакандагы отум энемден өткөн. Ага да өзүнүн чоң энесинен өткөн экен. Сенин өз энең тирүү болгондо балким аныкы да күчтүү болмок. Мен болсо минтип карып келатам. Ушу касиетти Кудайым сага өткөрсө экен деп тилеп жүрөм.

 

Чоң энесинин бул сөздөрү кыздын кулагына жатталып бүткөн. Дайыма ушуну ага кайталап айта берет. Анан дагы минтип кошумчалайт:

 

– Кудайым ууру кылып, ушак айтканды жаман көрөт. Арам иштер бизге жакпайт, балам. Ал тургай ниетиң бузулса да жазалап коёт. Адамды бөөдө капа кылсаң же эмгегин жесең, Кудай каарына алат. Ошон үчүн биз карандай мээнет менен гана нан таап жешибиз керек, балам.

 

Ооба, кемпир анчейин деле картаң эмес. Алтымыштан жаңы өткөн. Али күүлүү-күчтүү. Мүнөзү эркектей бекем, кайраттуу. Жаш күнүнөн жесир калып, жалгыз кызын багып чоңойтуп, күйөөгө узатып, эми гана жээндүү болгондо кызы кырсыктан көз жумуп, анын кызын өзү багып алган. Аны жээним деп айтпайт, неберем дейт дайыма. Кызынын ордуна тутунат, ага тим эле жанын берүүгө даяр. Бирөө чекесине чертип көрсүнчү, колуна өлүп берет кемпир. Жан бактырып келаткан жалгыз күрөң уюн өзү саап, сүт бышырып, айран уютат күнүгө. Ак сурап келген кошуна-колоңдордон айран, сүтүн аябайт. Колу берекелүү. Мештин үстүндө дайыма бышып турган тамагы, кайнап турган чайы белен. Айылдагы улуу-кичүүнүн баары аны Марый апа дешет. Өз аты Марыйпа. Тиричиликтен чарчабаган Марый апа огородун да өзү айдайт. Картөшкө, пияз, сабизин өстүрүп алат. Эшигинин алдына жайнатып гүл тигет. Эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөрүн бапестеп багат. Жамандыкты башынан көп өткөргөн кемпирди бул турмуш ушинтип муюбас, күчтүү кылып койгон.

 

Ооба, бул үч бөлмөлүү, эски чакан үйдө кемпир менен кыз гана жашайт. Бирок үйдөн киши үзүлбөйт. Тааныштар да, бейтааныштар да келет. Башка айылдардан, ал тургай шаардан да издеп келгендер бар. “Марый апанын үйү кайсыл?” — деп айыл аралап сураштырып жүргөндөргө, — “тээтигил дөңдөгү кызыл чатыр үй”, — деп көрсөтүп коюшат айылдыктар.

 

Марый апа сыртынан эркектей болуп москоол көрүнгөнү менен чынында өтө сезимтал, тээ тереңден келген табышмактуу күчтүү туюму бар адам. Айылдыктар аны урматтап, андан сестенип турушат. Келген кишинин көзүнө тик карап, тамырын кармап, алакан сызыктарын тиктеп туруп, анын эмне санаасы бар экенин, ден соолугунун кай жери жабыркап турганын туюп коёт. Арам иштер менен күн өткөргөн таза эмес адамдарды: “Сенин жолуң мага көрүнбөдү”, — деп андан аркысын айтпайт. Андайлар тике караган Марый апанын өткүр көздөрүнөн өздөрү да тайсалдай түшүшөт. Келерин келип алып айтар сөзү кыскарып калат. Аларды кабыл алса кемпир өзү бир топ күнгө кыйналып, ички туюмдары мокоп, көз алдына келчү аяндуу элестер бүдөмүктөп кетет. Кылган кызматы үчүн акы сурабайт. Сурап да көргөн эмес. Жараткандын берген касиетин соодалабайт Марый апа. Антсе касиети качып кетпейби. Ага болбой эле кант-чайын, белек-бечкегин ала келгендер болбой койбойт.

 

Ошентип, кемпирдин небере кызы Анаржан бой жетти. Быйыл мектепти бүтөт. Ак саргылынан келген созулган сулуу кыз болуп чыга келди. Анын да Жараткандан берилген купуя касиети бар экенин чоң энеси көптөн бери байкап, ошого ичинен шүгүрчүлүк келтирип жүрөт. Алакандагы оту өзү менен кошо кетпей ушу небересине өтүп жатканына Кудайга ыраазы кемпир. Ушуну байкагандан бери кызына көбүрөөк акыл айта баштады: “Караңгыда жалгыз жүрбө. Боюңду таза карма. Кирлериңди чогултуп койбой тез-тез жууп тур. Сыртта жүргөндө бейтааныш адамдар менен көп сүйлөшпө. Беймаал убак уктаба”, — дей берет. Анан да кемпирдин корккону — Анаржан шаарга барып окуйм дебесе экен деп чочулайт. Кокус шаарга кетип калса адал — арам аралашып кымгуут түшкөн жерде касиетин жоготуп алабы деп сарсанаа болот. Бирок кыз энесине окуу тууралуу эч нерсе айта элек.

 

Бир күнү кыз энесине:

 

– Шаардан бирөөлөр кара машине менен келатышат. Энеси менен баласы го. Баласынын башы ооруйт окшойт. Айдаган машинеси өтө кымбат, — деди.

 

– Келсе аларды өзүң карап көр, сага аян келип жатпайбы, — деди кемпир кызды көзүнүн кыйыгы менен сынай карап. Анаржан унчукпады.

 

Аңгыча ит үрүп эшик алдына машине келип токтоду. Жаркыраган капкара машинеден кызыл жоолукчан, кымбат баалуу тон кийген, орто жаштан өтүп калган сүлкүлдөгөн аял, анан отуздар чамасындагы узун бойлуу, келишимдүү жигит түшүп үй тарапка басышты. Шаардыктар экени көрүнүп турду.

 

– Ооба, ушулар болчу, – деди терезеден карап турган кыз. Үйгө кирген эне менен балага отургула дегендей орун көрсөттү кемпир. Аял кызыл мээлейин шашпай чечип сумкасына салып, эки жагын сынай карап, олтургучка коомай көчүк басты.

 

– Анаржан, бул кишилерди кабыл ал, — деди кемпир кызга буйруй сүйлөп.

 

– А сиз өзүңүз карабайсызбы, биз сизге келгенбиз, — деп алиги аял чебелектеп жиберди.

 

– Кызым карасын, – деди кемпир кыска гана. Ал келген адамдарга дайыма кыска сүйлөйт. Мүнөзү ошондой.

 

Аялдын уулунун көптөн бери башы ооручу. Доктурлардан көп эле дарыланды. Көп аракеттерди жасады. Башы салмактанып, көңүлү ачылбай желкесинен оор жүк басып тургансып кыйналчу. Ушунун айынан бизнес иштерин да алга жылдыра албай калды.

 

Жайгашып олтурушкан соң жигиттин колун кармады кыз. Адегенде манжаларынын учу менен билектеги күрөө тамырды көпкө басып олтурду. Анан алакандарын карады. Көпкө карады.

 

– Караңгыда баратып кырсык болуп, ошондон башыңыз катуу урунган окшойт. Аны эч кимге айтпай көпкө жүрө бергенсиз го? — деди кыз. Аял бирде уулун, бирде кызды тиктеп көзү алайды.

 

– Качан? Ошондой болду беле? Эмне үчүн айткан эмессиң? – деп уулун суракка алып кирди. Уулу акырын гана баш ийкеп койду.

 

Кемпир жолтоо болбосун дегенчелик кылып алиги аялды тиги бөлмөгө кирип олтуруусун буйруду. Өз тирилигин кылып жаткансыган менен чоң энеси кыздын ар бир аракетин байкап жатты.

 

Кыз ордунан туруп, жигиттин арт жагына өтүп, эки алаканы менен анын эки чыкыйын басты. Анан кайра бир колу менен көк желкесин, экинчи алаканы менен маңдайын кармады. Кыздын өзүнө да ушул нерсе жагып жатты. Көпкө коё бербей кармап турду. Жигит көзүн жумуп магдырады. Алакандардын жылуулугу бир башкача жагымдуу экен. Ушинтип кармап көпкө тура берсе экен деп ойлоду. Кыз да анын каалоосун сезгендей башын кармаган боюнча далайга үндөбөй тура берди. Анан көз алдына жарым жылаңач аялдын элеси келди. Ырайы суук аял жигиттин башын кармаба дегендей белги берди. Кызды жаман көзү менен карап, жигитке кеттик дегендей ишарат кылгансыды. Көзүн жумган сайын бул элестер өң менен түштүн ортосундай болуп кызга көрүнө калып жатты. Жигиттин чыкыйындагы кан тамырлар дирт-дирт дей түштү. Кыз эрксизден сүйлөп жиберди: “Ал аялга барбаңыз. Ал — азгырык. Барсаңыз ишиңиз оңолбойт, башыңыз басылбайт”. Эмне үчүн ушинтип айтканын Анаржан өзү да түшүнгөн жок. Анын көз алдына тартылган элестерден улам айтты окшойт. “Сиз кырсыкка кабылганда да жаныңызда ошол аял болгон экен”, — деди. Жигит көздөрүн ачып Анаржанды тиктеди.

 

Кыздын нуру төгүлгөн күрөң-сары көздөрү чырактай балбылдап күйүп турчу. Жигит тайсалдай түштү. Кайра да тиктешип калышты. Кыздын көздөрү чын эле өтө жагымдуу эле. Узун чачын бир өрүп артына таштап койгон, маңдайы жарык Анаржанды бир көргөн киши  кайра-кайра карагысы келчү.

 

Энеси менен уулу дем алыш сайын келе турган болушту. Бир топ жолу дарылаш керек экен. Чыгып баратып аял:

 

– Бүгүнкү дарылоого канча төлөйбүз? – деп кемпирди  бир тиктеп алып капчыгын ача баштады.

 

– Эч канча төлөбөйсүңөр. Биз акы албайбыз. Бардыгы соопчулук үчүн, — деди кемпир кескин сүйлөп.  Аял таң кала карап

 

– Аа, болуптур.  Рахмат анда, — деди.

 

Жигиттин аты —  Медер. Өзүнүн техника каражаттарын саткан чоң соода борбору бар. Энеси илгертен сооданын жайын жакшы билген аял эле. Заман алмашып жаткан жылдарда өкмөттүн ушул чоң дүкөнүн менчиктеп алган. Азыр бизнесин түптөп, шаардын ар кай бурчтарына дал ушундай борборлорду ачып иштетишет. Медер отузга чамалап калса да үйлөнбөй жүрөт. Улам бир кызга ниети түшсө энеси жактырбай коёт.  Ушу кезде өзүнөн жашы улуу бир бой келин менен мамилеси бар. Медер алиги келинди анчейин деле сүйбөйт. Бирок тиги өзү жактырып,  жигитке ач кенедей жабышып алган. Медер андан канчалык кол үзөйүн десе да  келин кылтылдаган кылыгы, таттуу сөздөрү менен аны арбайт да турат.

 

Ооба, бир жолу аны караңгыда үйүнө жеткирип баратып, кырсыкка учурап башынан урунган. Арткы орунда олтурган келин эч нерсе болгон эмес. Медер ошондон бери башынын азабын тартып келатпайбы. Энеси Марый апанын дайынын алыстан угуп, уулун мында кыйнап алып келди. Болбосо ал табып, бүбүбакшыларга ишенбейт эле.

 

Медерге кыздын алакан оту кадимкидей эм болду. Ошондон бери көңүлү ачылып, сергип калды. Анан да кыздын балбылдаган айыпсыз көздөрү эсинен кетпей, кайра бара турган дем алыш күндү күттү.

 

Дем алышта гүл базарга кайрылып, эң кооз гүлдесте сатып алып жолго чыкты. Эки саатта Марый апаныкына кирип келди. Анаржан эшик алдындагы кудуктан суу алып жаткан экен.

 

– Мен келдим, – деди жигит гүлүн сунуп.

 

– Келиңиз. Үйгө кириңиз.

 

Бул жолу Анаржан жигиттин көк желкесинен ылдый омурткаларын көпкө-көпкө сылады. Сылап жатып өзү да магдырап көөшүдү.Анын ички толкундары аста термелип, сыртка чыгып жаткандай болду. Ушундай абалда кыз бир илдеттен айыгып жаткандай жеңилдей берет.  Көзүн жумган Медер кыздын алаканынан өтүп жаткан бир жылуу илепке магдырап, кайдадыр бийикти көздөй  калкылдап бараткансыды. Ооба, бир купуя сырдуу жыргалдын кучагына жутулуп баратты: “Ушундай да жылуу-жумшак кол болот тура”, — деп ойлоду ичинен. Ушул сезимдин тереңин көздөй дагы да сүңгүп-сүңгүп кете бергиси келди.

 

Медер үч ай бою тынбай Анаржанга көрүнүп жүрүп, баягы баш оорудан кутулду. Көңүлү сергек тартып, баштагыдан кыйла жеңилдеди. Анан да Анаржанга болгон арзуусу тынчтык бербей, анын чырактай жанган сулуу көздөрүн көп ойлочу болду. Бара-бара экөөнүн ортосунда кандайдыр бир жакындык, сый-урматтуу мамиле жаралды. Кыз да Медердин келчү күнүн күтө турган болду. Кыраакы Марый апа муну алдыртан байкап жүрдү. Кыз менен жигиттин бири-бирине болгон арзуулары акырындап ысык сүйүүгө айланып баратты. Баш кошорго келгенде буларга кызыл калпакчан аял да, Марый апа да каршы болду.

 

– Кызым, – деди Марый апа,  – ойлонуп көрчү, бизге ылайыктуу адамдар эмес го булар. Энеси көр дүйнөнүн кулу окшойт. Адеп көргөндө эле ушу аялга ниетим түшкөн эмес.

 

– Чоң эне, мен анын баласы менен жашайм да.

 

– Сен ошентип айта бересиң, кызым. Буларга барсаң кор болуп каласың. Сен шаарга эмес, ушул айылдын эле жигиттеринин бирине чыксаң жакшы болмок.

 

Кыз ортодо эки анжы болуп кыйнала баштады. Ага үйлөнөм дегенди укканда Медердин энеси да чоочуп кетти.

 

– Койсоңчу, балам. Кемпирдин колунда чоңойгон мажирөө кыз сага тең боло алабы? Жашоосун, турмуштарын деле көрбөдүңбү. Жүдөгөн немелер экен. Айылда өскөн кызкантип мага келин боло алат?

 

– Апа, ал абдан жакшы кыз экен. Көрөсүз го, сизге да жагып калат, — деди Медер энесин кантип ынандырарын билбей.

 

Ошентип, алар энелеринин каршы болгондоруна карабай баш кошушту. Элеттеги кичинекей, жупуну үйдөн түз эле шаардын чок ортосундагы бардык шарты бар, эки кабат заңгыраган үйгө келин болуп келген Анаржан чын эле апкаарый түштү. Бирок бул үйдө бардык оокат-тириликти үй кызматчы аял жасайт экен. “Анарка, сен эч нерсе кылбайсың, үйдө тиги эжекебиз иштейт”, – деди Медер. “Анаржан, бул үйдүн тирилигин тигил эжеңден акырындап үйрөнө бер”, — деди кайненеси. Анаржан бардык жумушту өз колу менен жасап көнгөн эле. Чоң энеси аны кичинесинен оокатка абдан бышырган. Жумуш жасабай тура албайт. “Жок”, — деди бир күнү Анаржан. “Мен өзүм жасайм, тамакты да өз колум менен бышырам. Нанды да колго жасагым келет. Дүкөндүн ушаланган бөлкө нанынын даамы деле жок”, — деди.

 

Ошентип ал бардык ишке өзү киришти. Кайненеге Анаржандын мунусу тымызын жагып жатты. Сыртынан унчукпаганы менен ичинен кымылдап жүрдү. Бул арада баягы Медерди азгырып жүргөн келин анын үйлөнгөнүн укканда туталанып, кайра-кайра телефон чалып өзүнө чакырып тынчын ала берди.

 

– Ии, айылдык жапайы мыркага үйлөндүңбү? Аныңды бүбү бакшы дейби? Же көзү ачыкпы? Дубалап башыңды имерип алган эмеспи?

 

– Койсоңчу, Асел,  таптакыр андай эмес.

 

– Абайла деги. Андайлар аферист болчу эле.

 

Медердин ачуусу келип турса да Аселге унчуга албады.

 

– Эмне таарынып калдыңбы? Кечирип кой. Эмнеси болсо да бактылуу болгула эми, — деди ал аял кайрадан.Кызыл калпакчан аял ойлогондой болгон жок. Келини менен уулу ысык ымалада жашап жатышты. Уулунун да, өзүнүн да айтканын эки кылбаган Анаржанга кергиштеген кайненеси доомат коё албады. Эмне деп кыйкымдайт эле? Качан болсо үйдө ысык тамак даяр. Колго жасалган жумшак наны дасторкондо. Үйдүн ичи зымырайып иреттелген. Дагы эмне керек кайненеге? Бирок уулунун келинчегине көбүрөөк үзүлүптүшүп мамиле кылып жатканын байкаган аял ичинен тарып, бушайман болуп жүрдү.

 

Анаржан күйөөсүнүн соода борборуна сатуучу болуп иштей баштады. Ал өзү абдан зирек, аракетчил болгондуктан ар бир ишти дилгирленип үйрөндү. Анын иштеп баштаганын кайненеси анчейин жактырбады. Андан көрө оокат кылып үйдө эле олтурса болмок деп ойлоду. Бир күнү уулуна:

 

– Анаржанды бекер эле ишке чыгардың, үйдө эле болбойбу. Ага эмне жетпейт, баары даяр, — деди.

 

– Жок, апа, кеп бар-жокто эмес. Ал да элге аралашып, шаардын турмушун үйрөнсүн, — деп жатам. –Үйдө олтура берсе тажап деле кетет го.

 

– Андай эле иштегиси келсе, борборуңдан бир бөлмөнү бошотуп бер. Киши көрүп акча тапсын. Анын жумушу ошо да. Ар ким жөндөмүнө ылайык иш кылсын.

 

Медер ойлонуп калды. Энесинин сөзү жөндүү угулду. Бул сунушту келинчегине айтып көрүүнү чечти. Муну уккан Анаржан чоң энесинин сөзүн эстеди: “Алакандагы касиетиңди соодалаба. Жараткан Кудайга жакпайт. Касиетиңди жоготуп аласың”, — деп кулагына куйчу эмес беле. Жок, жок, бул сунушка ынабады ал.

 

Медердин энеси илгери бир мекемеде чогуу иштешкен, азыркы күндө өкмөттө бир чоң кызматта жүргөн чириген бай адамды таанычу эле. Өгүнү ошол кишиге кокустан жолугуп калып, ал-жай сурашкан. Анын кичинесинен бери буту баспай, арабада олтурган оорукчан кызы бар болчу.Өтө кыйналып кекечтенип сүйлөчү. Анын акыбалын да сураган. Кыз азыр он алтыга келиптир. “Дале баспайт”, — деди атасы. Алып барбаган жери калбаптыр.“Ушул кызымдын ден соолугу үчүн бүт байлыгымды берүүгө даяр элем”, — дейт алиги киши. Дал ошол жерден аялдын оюна бир нерсе кылт этти.

 

– Мен сизге жардам кылайын. Келинимдин колунда эми бар. Оорулуу адамдардын сообуна калып келатат. Алып келип көрсөтпөйсүзбү? Балким шыпаасы тийип калар, — дагы бир нерсе айтайын деп, бирок кишинин жообун күтүп калды.

 

“Эгер чындап эле эми тие турган болсо алып барайын”, — деген ал киши. Ошентип, экөө сүйлөшкөн соң дем алыш күнү кызын алып бара турган болуп коштошушту. Дем алыш күнү кызды алып келишти. Чын эле анын акыбалы оор экен. Анаржан анын колун кармаганда эле кандайдыр уюлгуган кара күчтөр кызды желкеден ныгыра басып турганын сезди.Көзүн жумса  чатышып калган кара жиптер кучак-кучак болуп алдында жаткандай болду. Көрүнбөгөн бир муздак толкун Анаржандын колдорун артка түрттү. Ал оорукчан кыз менен үч күн алышып олтуруп чарчады. Колдору эпке келбей карышып калып жатты. Ары жакта гезит тиктеп олтурган  атасына:

 

– Кызыңыздын ушундай болуп калганына сиздин күнөөңүз бар, — деп жиберди. Атасы көз айнегин акырын алып, кандайча дегендей Анаржанды суроолуу тиктеп калды.

 

– Ооба, сиз күнөөлүүсүз. Адамдарды ак жеринен күйдүргөнсүз. Сизди каргашкан алар. Ошонун баары өзүңүзгө эмес, балаңызга көрүнүптүр.

 

Муну уккан кайненеси шашып кетти:

 

– Кантет? Эмне дейт? Анаржан, сен кызды эле дарылачы!

 

– Ооба, кызды эле… кызды эле карап жатам. Бирок, — деди да андан ары үндөбөй калды. Кыздын атасы да үн катпады. Бир убакта арабадагы майып кыз жаш агып жаткан көздөрүн бардап-бардап атасын биринчи көргөндөй таң кала тиктеди да ийиндерин солкулдатып:

 

– Ата-а-а! – деп жиберди. Ал минтип так сүйлөчү эмес. Ата дегенин атасы эзели уккан эмес. Колундагы гезитин ыргытып жиберип кызынын жанына учуп жетти.

 

– Кызым, эмне дейсиң? Ата дедиңби? Ээ, Кудай… айланайын… — Ал кудай деген сөздү биринчи жолу айтты окшойт. Кудайды дегеле оозуна алган киши эмес болчу.

 

Анаржан бул кызга көп күч-кубатын, көп убактысын жумшады. Анын оорукчан муундарын, билинер-билинбес диртилдеп турган жүлүнүн алаканы менен сыдырган сайын алы-күчү кетип, бүт денесин көрүнбөгөн кара толкундун илеби каптап өтүп жаткандай болду. Көк желкесине алаканын койгондо кандайдыр  жүрөк согуп жаткандай бүлкүлдөгөн нерсени сезип жатты. Бул эмне экенин өзү да толук аңдай албай, бирок кыздын денеси уйгу-туйгу болуп жанданып, иштебей калган тамырлар ойгоно баштаганын туюп жатты. Муундарга күч киргенсип кыздын тизелери, колдору диртилдеди.

 

Ошентип, Анаржан оорукчан кызга бүт дитин коюп, ар бир жолу чоң күч-кубатын жоготуп, аягында өзү да алсырап, бирок кыздын алсыз муундарына жан киргизди. Кыз арабасынан эптеп түшүп, эки балдакка күчүн салып, акырын аяк шилтеп баса баштады. Муну байкап жаткан кайнене ичинен кымылдап сүйүндү. Эми алиги чириген бай андан эч нерсесин аябайт. Өзү ошентип убада кылган. Ооба, кайнене алиги кишиден болжошкон жерге барып бир баштык акчаны жашыруун алган күнү Анаржан капыстан ооруп калып догдурлардын колуна түштү. Анын кесели кай жерде экенин аныктай албай догдурлар кыйла убара болушту. Кандайдыр бир арам иштин жашыруун болгонун Анаржандын жүрөгү сезди.Чет-чебери отко тийип күйүп калган таңгакталган акчалар, анан кайненесинин түрү сууп, жүзү каралжын тартып кеткен  элеси түшүнө кире берди. Ансайын Анаржандын көңүлү чөгүп, кыжалат болду. Анан бир аз баш көтөрүп калганда ооруканадан качып чыгып, таксиге олтуруп өз айылына апасын көздөй жөнөп кетти.

 

(Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE