Пример HTML-страницы

Кеминде каза болгон 6 адамдын жакындарына айткан акыркы сөзү

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин райондук соту 6 адамдын өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча иштин материалдарын карап чыгып, өкүм кабыл алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылы 22-июлда саат 21:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында «Хонда Степвагон» менен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы 5 адам оор жаракат алган.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча билдирүү жасап, 4 адамдан тышкары дагы эки адам ооруканада өзүнө келбей кайтыш болгонун билдирген.

Алинур (Т.И. аты өзгөртүлдү) Кемин районунда туулган, билими жогорку, тиш дарыгер, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу), 135-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Алинур 2021-жылдын 22-июлунда болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында (Кемин шаары) унаасын батыштан чыгышка карай мас абалда башкарып бара жатып уктап кеткен. Анын кесепетинен Р.С.Ж. башкарып келе жаткан унаа менен бетме-бет кагышкан.

Кырсыктан улам 1996-жылы туулган Р.С.Ж., 1965-жылы туулган М.Г.Ш., 1965-жылы туулган К.Г.О., 1986-жылы туулган Б.М.Т., 1983-жылы туулган Т.А.А., 1994-жылы туулган А.М. каза болгон. Мындан тышкары 1952-жылы туулган А.Б. жана 1982-жылы туулган А.К. оор жаракат алышкан.

Соттук отурумда айыпталуучу Алинур коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна толук алып, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 22-июлунда Кемин шаарында таанышы менен 1 бөтөлкө арак ичип, кечки саат 21:00 чамасында өзүнө тиешелүү унаасы менен Шабдан айылына жөнөгөн. Орто жолдон уктап кетип, көзүн ачканда ооруканада жаткандыгын билген.

Сотто айыпталуучу жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн кечирим сурап, аларга 50 000 сомдон төлөп бергенин, калганын дагы таап берерин айтып, эркиндигинен ажыратпаган жаза аныктап берүүнү суранды.

Мыйзамдуу өкүл К.К.А. маркум М.А.нын атасы экенин, кырсык болгонго чейин уулу Кочкорго жолдош баласына жолугуу үчүн кетип, кайра келе жатканда кырсыкка туш болуп каза тапканын айтып, айыпталуучуга карата мыйзам чегинде жаза аныктап берүүнү суранды.

Мыйзамдуу өкүл Р.А. маркум С.Ж.Р.нын апасы экенин, ал жалгыз уулу болгонун, окуяга чейин баласы Нарындан телефон чалып, жолго чыкпай калышы мүмкүн экенин билдиргенин, бирок жүргүнчүлөрдү алып жолгон чыкканын, айыпталуучунун айынан жолдон кырсыкка учураганын билдирип, Алинурга карата мыйзамдын чегинде жаза аныктап берүүнү суранды.

Мыйзамдуу өкүл Б.С.Т. маркум М.Б.нын агасы экенин, иниси 2021-жылдын 22-июлунда Бишкек шаарына келе жатып кырсыкка учураганын айтып, айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза аныктоону суранды.

Мыйзамдуу өкүл Е.Ж.С. маркум Г.М.нын жолдошу экенин, аялы кыркылыкка Нарын шаарына кеткенин, кайра келе жатканда саат 20:30 чамасында телефон менен байланышып: «Мен келе жатам» деп билдиргенин, андан кийин эле кырсыкка кабылып каза болгонун айтып, айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза аныктоону суранды.

Мыйзамдуу өкүл К.Ж.О. маркум Г.К.нын бир тууган сиңдиси экенин, эжеси Бишкек шаарына дарыгерге көрүнгөнү келе жатканда кырсыкка кабылганын, ага чейин кечки саат 21:00дө телефон аркылуу байланышканда: «Боомдо бара жатам» деп билдиргенин, 2 саат жандандыруу бөлүмүндө жатып үзүлүп кеткенин көрсөтүп, айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза аныктоону суранды.

Мыйзамдуу өкүл Б.Т. Б.А.нын баласы экенин, азыркы учурда апасы тура албай, төшөктө жатканын, дарыгерлер үйгө келип карап жатканын, ошол эле кырсыкта 1983-жылы туулган карындашы Т.А.Н. кыркылыктан келе жатканда кайтыш болуп кеткенин билдирип, айыпталуучуга карата жазаны мыйзам чегинде аныктоону суранды.

Жабырлануучу А.К. 2021-жылдын 22-июлунда Нарын шаарынан таксиге отуруп, Бишкекти көздөй келе жаткан учурда катуу кагылышуу болгонун, өтө оор жаракат алганын жана айыпталуучуга мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Алинур Жаза кодексинин 297-беренеси (2017-жылдагы ред. Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) жана Кылмыш-жаза кодексинин 127-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча күнөөлүү деп табылды.

Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча 3 жыл 5 ай эркиндигинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 127-берененин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча 3 жыл 5 ай эркиндигинен ажыратылып, эки жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренеси боюнча белгиленген жазаларды толук кошуу менен биротоло 7 жылга эркиндигинен жана эки жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылды.

Жазаны жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE