Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында ат оюндары өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 11-март күнү улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттук иш-чара быйыл мектепти аяктаганына 20 жыл болуп жаткан тургундар тарабынан уюштурулду. Аламан чабыш, кунан чабыш, тай чабыш, эр эңиш, 70 кг, 75 кг, 120 кг салмактагылар арасында сүрмө күрөш, улак тартыш, аркан тартыш, аксакал күрөш, жорго салыш өңдүү оюндар өттү. Иш-чара А.Ыманкулов атындагы ат майданында өтүп, эки боз үй тигилди.

Улакка 7 команда катышты, 1-орунду Токтогулдун Чоң-Арык айылынан келген улакчылар ээлеп, 20000 миң сом менен сыйланды. 2-орунду Шамалды-Сайдын «Ынтымак» командасы ээлеп, 10 000 сом байге, 3-орунду Кара-Көлдүн улакчылары ээлеп, 5 миң сом байге, 4-орунду Аксы районунун улакчылары ээлеп, 3 миң сом байге менен сыйланды.

Аркан тартуу боюнча 1-орунду 1986-жылы туулган мырзалар алды.

Уюштуруучулардын айтымында, спорттук иш-чараны өткөрүүгө 200 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Оюндар элдин ынтымагын чыңдоо, улуттук оюндарды өнүктүрүү жана сергек жашоого чакыруу максатын көздөйт.

Улак тартыш жана улуттук оюндарды өткөрүү салты жыл сайын мектепти бүткөн 20 жылдыктар арасында эстафета катары өткөрүлүп келет. Быйыл 1985-жылы туулган бүтрүүчүлөр эстафетаны 1986-жылы туулган бүтүрүүчүлөргө өткөрүп беришти. Эстафетада улакка тартылган улактарды кийинки 20 жылдык бүтүүрүүчүлөргө өткөрүп берип жатканда алар акча берип өткөрүп алышат. Бул жөрөлгө жыл сайын кайталанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE