Пример HTML-страницы

Илим маселеси

https://kyrgyzcha.site/?p=21598&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ИЛИМ МАСЕЛЕСИ

Мен кыргызча диний китептерди сатып алып окуйм. Арасында арабча да

жазылган. Ошондуктан китептерди дааратсыз кармай албайм. Кандай тартип,

жолдор менен кандай учурда окууну билгим келет. Жооп:

— Дааратсыз адам эмнелерди кыла албастыгын айтып берели: (Айыз көргөн

аялзаты) жунуб адам, нифас көргөн аял сыяктуу эле Куран окуй албайт.

Дааратсыз адам Куран окуй алат. Булардын бардыгы мусхафты ажырап турган

китепкапсыз кармай алышпайт. Жең менен мусхафты кармоо макрух. Ошондой

эле сүрөө жазылган дирхамды (сомду, акчаны) капчыксыз кармай алышпайт.

Айыз көргөн аял, нифасы келген аял, жунуб болгон адам Куран окуй албайт.

Бир аят, бир аяттан азын да окуй албайт. Бул Имам Кархийдин пикири. Ал эми

Имам Тахаавий бир аяттан аз окуганга жогорудагылардын мүмкүнчүлүгү бар,

себеп дегенде бир аяттан азы менен намаз да окулбайт, андан сырткары маани

менен сөздүн назм-түзүлүшү бир аятсыз толук боло албайт.

Имам Кархийдин сөзүнүн төркүнү Имам Термизий риваят кылган хадиске

такалат. Азирети Ибну Умар Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бул сөзүн айтат:

«Айыз көргөн менен жунуб болгон Курандан эч нерсе окубасын!».

«Мухиитте» айтылат: Жогорудагы маселелер Куранды тилават максатында

окуган адамга тийешелүү. Ал эми Куран аятын зикир же сана-мактоо катары

окуса жарай берет. Мисалы: «Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Валхамду

лиллаахи роббиль ьааламийн». Ошондой эле жогорудагы адамдар зарылчылык

үчүн Куранды тамга-тамга кылып окутса, үйрөтсө жарай берет.

Даараты жок адам жаттаган Куран аяттарын каалаганча окуй берет. Имам

Термизий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис саламдын төмөндөгү

сөзүн Азирети Алий келтирет: «Куран окугандан жунубдуктан башка эч бир

нерсе тосо албайт!»

Жогоруда айтылгандын баары: айыз көргөнү, жунуб болгону, ныфас жеткени,

дааратсыз болгону мусхафты кармай алышпайт. Куранда Кудай Таалам: «Аны

(Куранды) таптаза болгондордон башкалары кармабасын!» (Ваакиьа:79), дейт.

Имам Абу Дауд «Марасиилинде»: «Даараттуу адам гана Куранды кармасын!» деп

айтат.

Куран китеби ажырап алына турган, мусхафтын бир бөлүгү катары

кабылданбай турган китепкапка же баштыкка салынса, ошол нерсе менен

көтөрсө болот. Имам Бухарийдин риваятында Абу Вааил өзүнүн айыз көргөн

күңүнө, Абу Разийнге алып барып бер деп мусхаф берээр эле, ал китепкаптын

боосунан кармап алып бараар эле.

Жең менен мусхафты (Куран китепти) кармоо макрух. Себеп дегенде жең

адамдын бир бөлүгү болгондой эле эсептелет. Адам менен мусхафтын

ортосундагы тосмо катары бааланбайт. Мисалы жерге олтурбаймын деп касам

ичип, а бирок шымы менен жерге олтурса деле жерге олтурду деп касамын

бузуп алган болуп эсептелип жатпайбы?! Жамбашына кийген шымына олтурду

деп эч ким айтпайт эмеспи?.

Ошондой эле сахибайндин пикиринде тафсир китептерин, хадис китептерин,

фыкых китептерин дааратсыз кол менен кармоо макрух эсептелет. Анткени бул

китептер Куран аяттарынан куру болбойт эмеспи. Буларды жең менен кармай

берсе макрух да болбойт. Ал эми Азирети Абу Ханифанын пикиринде

жогорудагыларды дааратсыз кармай берген макрух эмес.

Ошондой эле акчага Куран аяттары же сүрөө жазылган болсо даараты жок

адам капчык менен гана кармоого уруксат болот. Сүрөө деп баса көрсөтүүнүн

мааниси, адатта көпчүлүк акчаларга Ыхлас сүрөөсү толугу менен жазылып

жүрөт.

Куран аяттары илинип турса, мусхаф аяык турган болсо даараты жок адам

колу менен кармабастан туруп, жөн гана көзү менен окуса макрух болбойт.

Жаш балдарга мусхафты кармаганга уруксат берүү керек болот, антпегенде

аларга кантип Куран жаттатмак элек. Эң жакшысы даарат алганды толук

үйрөнүп, эси толгонго чейин мусхафтын өзүн карматпай, атайын кээ бир аяттар

же кээ бир паралар жазылган китепчелерди карматканыбыз макул.

Колуна калем сыяктуу нерсе алып, ошону менен барактап окуганга уруксат

берилет.

Чубак ажы Жалилов

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE