Пример HTML-страницы

Балбан Алмаз Сманбеков Казакстандагы турнирде алтын байге тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Спортчунун апасы Гүлмайра Сариеванын айтымында, турнир 3-5-ноябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында өттү.

Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жалпы 20 спортчу катышты. Кыргызстандык спортчу беттешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, казакстандык спортчуларды катары менен 4 ирет утуп, турнирдин жеңүүчүсү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE