Пример HTML-страницы

Алтынбек Сулайманов Ысык-Көлдөгү айрым акимдер менен айыл өкмөт башчылары алсыз экендигин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, район тургундары туризм тармагын өнүктүрүү, айылдардагы таза суу маселелерин көтөрүштү. Мындан сырткары турак жай салуу үчүн жер тилкелери боюнча кайрылуулар болду.

Ысык-Көл районунун тургундары быйыл туризм тармагы жакшы болот деп үмүт артып, өз алдынча даярдык көрүп жатышат. Чолпон-аталыктардын билдиришинче быйылкы эс алуу убагына шаар мэриясынын камылгасы анчейин эмес. Жылда болуп келген көрүнүш кайра эле кайталанабы деп санаа тартышууда. Мындай кайрылуулар президент өкүлү менен болгон жолугушууда айтылды.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Неля Бараканованын айтымында, көл жээктеринде такыр шарт жок.

«Бизде бир нече пляждар бар. Бирок шаардыктар бирөөнө да бара албайбыз. Анткени баарын ижарага берип салышкан. Мындан сырткары көл жээктеринде такыр шарт жок. Албетте ижарага берүү керек. Бирок мэрия шарт түзүлүүсүн сурап, талап коюш керек да», — деди ал.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек Иманбеков учурда баарын кайра карап, өзгөртүүлөрдү киргизип жатышкандыгын билдирди.

«Пляждардагы абал боюнча өткөн жылы биз текшерүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Ал жерде көптөгөн келишимдер түзүлүгөн. Жоопкерчиликтер чынында каралбай калган. Азыркы тапта биз келишимдердин баарын кайра карап, өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, жөнөкөй эле санитардык талаптарды сактоо боюнча көбү киргизилбей калыптыр келишимге. Ошол жерде инженердик тутумдарга кошулуу деген жагдайлар жок. Ошол эле таза суу киргизүү деген жок», — деди ал.

Чынында шаар тургундары белгилегендей, шаар ичине кирген көл жээктери жалаң ижарага берилет. Ал жерде башаламан соода түйүндөрү орун алган. Эс алуучулар келгенде таштанды чыгарып жетише албай калышат. Ажааткана маселеси да оор. Бир чоң пляжга кичинекей курулма бар. Бул дагы талапка ылайык, экологияга зыяны тийбегендей курулганбы, белгисиз. Ажааткана маселеси жеке эле көл жээктеринде эмес, Балыкчы—Чолпон-Ата жолунда да бар. Жалпы 86 чакырым жолдо болгону бир гана ажааткана турат.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Бактыгул Алиев ажааткана маселесин чечүүнүн жолдорун айтты.

«Эми муну чечүүнүн кандай жолдору бар. Менимче эң эле оңой жолу эки айыл өкмөтү биригип, бир талапка ылайык ажааткан салып койсо болот жол жээктей. Муну ошол эле район жетекчиси, айыл өкмөттөр уюштурса болот го», — деди ал.

Район тургундарын турак жай салуу үчүн жер тилкелеринин берилбей жатышы өзгөчө түйшөлтүп жатат. Чолпон-Ата шаарында 3 жарым миң, Бостери айылында 3 миң адам жер алууга кезекте турушат. Шаар мэриясы, Бостери айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча бөлүштүрүп берүүгө жер тилкелери жок. Бир гана мурдагы 54 асыл тукум мал заводу жана Чолпон-Ата шаарынын үстүңкү бөлүгүндө жайгашкан аэропорттун жери бар. Бирок ал жерлер боюнча сот иштери жүрүп жатат. Негизинен жер тилкелери боюнча облуста абдан көп суроолор берилди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов

«Мараторий жарыяланып, көп жылдан бери эле жер тилкелери бериле элек. Бул маселе абдан орчунду болуп, көтөрүлүп жатты. Андан дагы бир маселе таза суу болду. Көпчүлүк айылдарда азыр таза суу жок экен, кийин жасалса да сапатсыз жасалып азыр элдин нааразычылыгын пайда кылып жатыптыр. Мындан сырткары эң саркынды суусу, канализация маселелери өтө орчундуу болду», — деди ал.

Алтынбек Сулаймановдун пикиринде мындай маселелердин топтолуп, чечилбей жатышына көбүнчө жергиликтүү бийликтин да алсыздыгы, аракетинин жоктугу себеп болууда.

«Айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү, баары эмес көпчүлүгү иштерин туура эмес жүргүзүшөт экен. Баары тең акимдер деле чоң, начальник болуп көз караш калыптанып калыптыр. Элге тейлөө кызматтары да жакшы эмес мамиле кылышат экен. Баары элдин убактысын алып, кезекке күттүрүп, тааныш билишке чалдыртып, убара кылып көнүп алышыптыр. Бул эми жалпы элдин бийлике болгон нааразычылыгын жаратууда», — деди Алтынбек Сулайманов.

Президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жума башынан бери эки чоң шаар жана бардык район тургундары менен жолугушту. Андагы көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү ведомстволор иш алып барышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE