Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө автоээнбаштык кылган айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында автоээнбаштык кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-декабрь түнү Каракол шаарынын борборунда жайгашкан К.Тыныстанов көчөсүндө автоээнбаштык болгону аныкталган.

Мындан улам Каракол шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери автоээнбаштык кылган айдоочуну издеп табышкан. Ал Каракол шаарынын тургуну — 2005-жылы туулган А.В.С. (эркек бала) болгон.

Ал «Мерседес-Бенц 200» үлгүсүндөгү унаасы менен автоээнбаштык кылгандыгы такталып, анын кыймыл аракетине карата Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлгөн. Натыйжада ага 15 миң сом айып пул салынып, автоунаасы айып короого токтотулду.

Жогорудагы айдоочу автоээнбаштык кылгандыгы үчүн салынган 15 миң сом айып пулду толук төлөмөйүнчө автоунаасы айып короодон чыгарылбайт жана бир жыл ичинде дагы ушуга окшогон жол эрежелерин одоно бузууларды 2 жолу кайталаса, айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра сынак тапшыруу үчүн «Унаа» мамлекеттик мекемесине жиберилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE