Пример HTML-страницы

Кара-Суу шаарындагы эки айылга газ түтүктөрү тартылып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Суу шаарынын Тельман жана Киров айылдарына газ түтүктөрү тартылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-майда шаар мэри Майрамбек Тентимишов газ түтүктөрүн тартуу иштери менен таанышты. Ал аталган эки айылды газдаштыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

«Айылдарга газ тартуу иштери боюнча пландарыбыз бар. Алардын алгачкысы болуп Тельман менен Киров айылдарына газ түтүктөрү тартылып жатат. Эми газдаштыруу иштери бүтсө, айылдын тургундары жаратылыш газын колдонуп калышат», — деген Тентимишов сапатка көңүл бурууга чакырды.

Тельман айылына газ түтүктөрүн тартуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 9 млн 797 миң сом, Киров айылына 20 млн 993 миң сом бөлүнгөн. Учурда Киров айылына 26 чакырым газ түтүгү тартылып бүттү. Ушул жылдын сентябрь айында ишке берилет.

Тельман айылында түтктөрдү тартуу иштеринин экинчи этабы жүрүүдө. Азыркы күндө 8 көчөгө 8 чакырым түтүк тартылып, курулуш иштеринин 70%ы жыйынтыкталды. Экинчи этабдын курулуш иштери июнь айында аяктайт.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагы Кара-Суу шаарына кошулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE