Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк К.Уркалиев миллионер мугалимдер окуткан университетте билим алууда

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну Кубатбек Уркалиев. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 1997-жылы 22-июнда Саруу айылында туулгам. С.Сыдыков атындагы орто билим берүү мектебинде 9-классты аяктап, Каракол шаарында жайгашкан Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтуна тапшыргам. Анда компьютердик техника боюнча билим алып, «эң жакшы» деген баа менен аяктадым. 2015-2020-жылдары кыргыз-түрк «Манас» университетинин агрономия факультетинде окудум. Окуучулук кезде эле тил үйрөнүп, өнүккөн өлкөлөргө барып, билим алсам деген максатым бар болчу. Изденүүнүн аркасы менен Германияны тандадым, себеби билим берүү боюнча дүйнөдө алдыңкы 3 өлкөгө кирет эмеспи. Муну менен катар мени немис тили, маданияты, экономикасы, айыл чарба, медицина жана башка айтып отурса көптөгөн тармакта дүйнөдө алдыга оозуп чыккан туруктуу орду абдан кызык эле», — деди ал.

Ал жергиликтүү тургундардан дагы студенттердин саны көп болгон Триздорф шаарчасында экенин айтты.

«Магистратураны Германияга тапшыруу үчүн 3-курсумда атайын немис тилин үйрөткөн курстарга барып, даярдыктарды баштадым. Тил үйрөнгөнгө бир жыл убактым кетти десем болот. Бишкекте окууну аяктоо учурунда коронавирус пандемиясы башталып, чет өлкөлөргө чыгууга жолдор жабылды. Ал учурда кайрымдуулук фонддордо менеджер катары эмгектендим. 2021-жылы кайрадан жолдор жанданып, ачылгандан кийин Германиядгы Вайенштефан-Триздорф прикладдык илим университетинин агрардык менеджмент магистратуралык программа боюнча окууга тапшырдым. Себеби университет Германиянын айыл чарба тармагындагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен көптөн бери кызматташып келет. Университеттин башкы филиалы Германиянын Фрайзинг шаарында жайгашкан. Ал эми мен билим алган филиал Триздорф студенттик шаарчасында жайгашкан. Триздорф шаарчанын өзгөчөлүгү — жергиликтүү тургундардан дагы студенттердин саны көп. Аба ырайы биздин Ысык-Көлдүкүндөй — жайы жайдай, күзү күздөй, кышы кыштай, жазы жаздай», — деди ал.

Каарманыбыз студенттик жашоо жана мугалимдер боюнча сөз кылды.

«Биздин факультетке жыл сайын 15-20 өлкөдөн студенттер тапшырат. Бул жерде немистер менен эле эмес, ар кайсы өлкөдөн келген студенттер менен окуйбуз. Окуубуздун 1-семестри алты айлык практика менен башталды. Практикалык семестр айыл чарбасына багытталган, заманбап технология жана техниканы колдонгон сүт фермасы боюнча. Бир немис үй-бүлөдө жашап, иштеп, окудум. Практикадан жакшы көрсөткүчтөр менен өткөн студенттерди университет тандап алып, теория билим берүүсүнө өтөт. Биз дагы ошол студенттердин катарында болуп окуп калдык. Мугалим, профессорлордун көпчүлүгү практик жана миллионерлер десем болот. Себеби ар биринин бизнеси, фермасы бар. Алар ошол нерсени практика жүзүндө да колдонуп, бизге билимин берет. Азыркы тапта окуудан сырткары, качкындарды кабыл алган жерде түрк жана орус тилинен немис тилине котормочу болуп иштейм. Бош убакытымда машыгууга барганга аракет кылам, ошондой эле достор менен жолугуп, Европа өлкөлөрүнө саякаттап турабыз. Университетте 6 кыргыз студент окуйбуз, баары аракетчил, жакшы окушат. «Келечекте эли-жериме кызмат кылам» деген уул жана кыздар», — деди ал.

Анын айтымында, немис эли абдан жөнөкөй келишет.

«Германияда жалпы 83 милион калк жашайт. Алардын ичинен жер-жерлерге жараша көптөгөн диалекттер бар. Мен Баварияда жашагандыктан жергиликтүү калк бавар диалектинде сүйлөшөт. Элинин маданияты, мамилеси абдан жакшы жана жөнөкөй келишет. Себеби бай менен кедейдин айырмасын билбейсиң, баары эле жаңы үлгүдөгү автоунааларды айдашат. Ошондой эле белгилүү болгон Audi жана BMW үлгүсүндөгү унаалардын мекени болуп саналат. Бавария бай жер болгондуктан батирлер, азык-түлүктүн баасы дагы кымбат. Мисалы, орточо баа менен бир бөлмөлүү батирдин баасы 400-500 евро турат», — деди ал.

Кубатбек Уркалиев алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Келечекте максатым чоң, учурда акыркы, бүтүрүүчү семестрде окуп жатам. Дипломдук ишимди Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы бир темада жазсамбы деп пландап жатам. Кудай буюрса, окууну ийгиликтүү аяктап, бул жакта алдыңкы компанияларга ишке кирсем деген максатым бар. Албетте, ага дагы даярдык көрүп жаткан учурубуз. Окуудан кийин иш жүзүндөгү тажрыйбасы дагы мен үчүн абдан маанилүү. Келечекте алган билим, тажрыйбамды өлкөбүздүн агрардык эле эмес, билим, туризм, экология тармактарына Германиянын алдыңкы технологияларды алып келүүгө өбөлгө болуп, салымымды кошом деген ойдомун», — деп сөзүн жыйнытыктады мекендешибиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE