Пример HTML-страницы

Тергөөчү Айдарбек Суйналиев кылмыштын чоо-жайын айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush32 жаштагы Айдарбек Суйналиев 9 жылдан бери Панфилов РИИБдин тергөө кызматына эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Жайыл районун Кара-Балта шаарында чоңойгон. 2010-жылы мектепти аяктап, ИИМдин акадмиясына тапшырып, ал жакты 2015-жылы аяктаган. 2015-жыдын сентябрь айында Чүй ОИИБдин буйругунун негизинде Панфилов РИИБдин тергөө кызматына дайындалып, азыркы күнгө чейин эмгектенип келе жатат.

«Кичинекей кезден бери мен тартип сакчысы болгум келчү. Тактап айтканда 7-классыман баштап кызыгып баштагам. Тергөө кесибине тиешелүү болгон китептерди окуп, кинолорду көрчүмүн. Ошентип бала кездеги кыялым орундалды десем болот. 2015-2017-жылдары Панфилов РИИБдин тергөө кызматы, 2017-2018-жылдары Панфилов РИИБдин аналитика бөлүмүндө ага инспектор, 2019-жылы Панфилов тергөө кызматында иштедим. Ортодон 2019-жылы сентябрынан баштап 1 жыл үй-бүлөлүк шартка байланыштуу иштебей жүрдүм. Кайра 2020-жылы октябрь айында Панфилов РИИБдин тергөө кызматына ишке орноштум», — деди ал.

Каарманыбыз, сыйлыктары, хоббиси жана кесиби тууралуу айтып берди.

«Үзүрлүү эмгектин арты менен ИИМдин, Чүй ОИИБ, Панфилов РИИБнун бир нече грамоталары менен тергөө кызматы деген медаль менен сыйландым. Бош убакта ден соолукту чыңдаш үчүн дене тарбия менен алектенип турам. Футболду жакшы көрөм. Кесибиме тиешелүү китептерди окуп, андан тышкары ата-энеме үйдөн жардам берип келем.

Негизи милиционер кесибимди тандаганыма эч өкүнбөйм. Тергөөчү бүт баарын мыйзам чегинде, өз мөөнөтүндө аткарыш керек. Туура юридикалык баа берип, мыйзамды туура колдонуу менен иш алып баруу керек. Милиция кызматкери өзүн таза, тыкан жана тыэ алып жүрүшү зарыл», — деди ал.

Айдарбек Сүйналиев күлкүлүү да кейиштүү окуяларды эскерди.

«Кайсы бир жылы бир аял «көп суммадагы акчамды жоготтум» деп кайрылды. Сыртта кар, кыш мезгили болчу. Ал аял айткан жердин баарын айланып карадык. Эч бир из жок, эч бир илинчек жок. Аял менен сүйлөшсөк акыл-эси ордунда эледей болуп көрүндү. Кийин бир тууган эжеси «Бул сиңдим кичине акыл-эс жактан ооруйт. Жок акчаны эле кечке издеткен турбайбы» деп күлдү. Биз да кызыктай болуп калдык. Өзү жакшынакай эле, сүйлөгүн орундуу эже болчу. Анын жок акчаны издетип жатканынан такыр шек албаптырбыз.

Дагы бир окуя эстен кетпейт. Кошуна эркек менен келиндин бир жолку туура эмес мамилеси алардын тагдырын бузган. Бул башкаларга да сабак болор деген үмүт. 2023-жылы күзүндө Панфилов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Панфилов айылынын түндүк тарабында жайгашкан суу аккан бетон арыктын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы жана андан 150-200 метр аралыкта жеңил унаа толугу менен өрттөлгөн абалда турганы жөнүндө маалымат келген. Тергөө амалдарынын негизинде 3 киши кармалган.

Көрсө окуя мындай болгон экен. 1992-жылы туулган тургун жайында Россиядан үйүнө кайтып келет. Ал аялынын телефонун текшерип жатып, кошунасынын жазган каттарын окуп калат. Анан аялынан кошунасы ага эмне үчүн «качан жолугабыз?» деп жазып жатканын сурайт. Аялы «билбейм, ушинтип жазып, тийишип жатат» деп коет. Бирок күйөөсү ызы-чуу чыгарып, «чыныңды айт» дегенде, аялы «сен жокто, бир жолу жолугуп, жыныстык катнаш кылганбыз» деп айтып берет. Күйөөсү аялына кошунанын катына жооп берип, жолугушууга чакыр деп план коет. Ошентип аялы экөө жана дагы бир тууганы болуп, үчөө кошуна адамды тузакка түшүрмөк болушат. Ошентип аялы кошунасына жолугуп, унаасы менен айылдын четине кетишет. Анын артынан эле күйөөсү тууганы экөө барып, кармап калышат. Жөн эле сабап коебуз дешкен экен. Бирок катуу сабап өлтүрүп алышкан. Анан өлтүрүп, жансыз денени арыкка таштап, унааны өрттөп, качып кетишкен. Азыркы учурда бул факт боюнча сот болду. Аялы менен күйөөсү жана тууганы үчөө оор кылмыш боюнча 12 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратылган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE