Пример HTML-страницы

Талас облусунда 37 айыл аймактын ордуна 16 айыл аймак түзүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-февраль күнү Таласта облустук коллегиялык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш болгон жетекчилер катышууда. Жыйында айыл өкмөттөр бириктирилсе Талас облусу боюнча 16 гана айыл аймак болору айтылды. 20-февралга чейин айыл өкмөттөрдү бириктиктирүү долбоору ишке ашат. Айыл өкмөттөрдө учурда 466 штат болсо, 402 адам иштейт. Жаңы штаттык орундар 271 болуп, 131 жумуш орду кыскарат. 37 айыл өкмөт башчысы резервге катталып, анын 25 резервге кирген.

  • Талас облусунун курамына 4 район, облустук маанидеги 1 шаар – Талас шаары жана 37 айыл аймак кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE