Пример HTML-страницы

Түптө алгачкы жолу грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтүп, 400дөн ашуун балбан күч сынашты

Акыркы жанылыктар

Turmush28-29-январь күндөрү Түп районунун Балбай баатыр атындагы спорт ордосунда Уркалый Абитовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, райондо биринчи жолу өтүп жаткан бул турнирди Түп районунун акиминин орун басары Эрмекан Дюшебаева, Ысык-Көл облустук жаштар жана спорт боюнча башкармалыгынын башчысы Адилет Бөлөков, Уркалый Абитов менен бирге иштешкен кесиптеши, спорттун ардагери Качкын Ашымканов ачып беришти.

Уркалый Абитовдун балдары каржылаган, акимиат, облустук спорт башкармалыгы колдоо көрсөткөн бул турнирге Ысык-Көл облусунан 5 район, 2 шаардан жана өлкөнүн Бишкек, Нарын, Жалал-Абад облустарынан келишкен балдардан 25 килограммдан +71 килограммга чейин 15 салмак категорияда 400 балбан катышты. Ал эми 3 салмак категорияда 25 кыз-келин катышты.

Эң күчтүү командалардан болуп 7 дубандан келип тарбияланып жаткан Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинен 40 балбан келди. Акырында күчтүү деп табылып, байгелүү орундарды ээлеген балбандарга сыйлыктарды Уркалый Абитовдун балдары, мурда бирге иштешкен кесиптештери тапшырышты.

Түп районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин негиздөөчүлөрүнүн бири Уркалый Абитов 1938-жылы 24-январда Түп районунун Токтоян айылында туулган. 1954-жылы Талды-Суу айылындагы мектеп-интернаттын аяктаган. 1956-2959-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.1959-жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна тапшырып, 1964-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Кара-Чуңкурдагы мектеп интернатка тарбиячы болуп эмгек жолун баштаган.

1970- жылы Түп районундагы алгачкы жаштар, өспүрүм спорт мектебин түптөп, анда жетекчи катары 1974-жылга чейин эмгектенген. 1975-жылдан 1998-жылга чейин Санташ орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенип, ошол жылы ардактуу эс алууга көптөгөн спорт чеберлерин тарбиялап өстүргөнү үчүн «Эл агартуунун отличниги» наамын алып чыккан. Пенсияга чыккандан баштап, көп жылдар бою Санташ айыл аймагынын аксакал сотунан төрагасы болуп келген.

Байбичеси Роза Урдавлетова менен 4 уул жана 4 кызды тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE