Пример HTML-страницы

Түндө айланма жолдо 3 адам бара жаткан «Субару» сууга кулады

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Торугарт—Нарын айланма жолундагы каналга унаа түшүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына күбөлөр билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кырсык бүгүн, 12-августка караган түнү Бишкек—Торугарт—Нарын айланма жолунун 88-чакырымында, тактап айтканда Кемин районундагы Чым-Коргон айылына кайрылган тилкесинде болгон. «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 1999-жылы туулган С.У. рулду башкар албай, каналга түшүп кеткен.

Автоунаанын ичинде 2000-жылы туулган АА. жана С.Т. да болгон. Алар өз алдынча суудан чыгышкан. Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE