Turmush — Ош облусунда мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгы куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу жана жардыруучу заттарды сактоо шарттарын карап чыгуу максатында облус аймагында «Арсенал» аталышында ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрдү.
Анда кызматкерлер ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын, уруксат мөөнөттөрүн текшеришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө алынган ыкчам маалыматтардын негизинде мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок-дарылар алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар кодексинин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) жана 134-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126 000 сом айып салынды.
3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренесинде (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.