Пример HTML-страницы

Лейлекте үйдөн 40 миң сом акча уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалды

TurmushЛейлек районунда уурулук кылмышка шектелген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну кайрылган. Ал ооруканада дарыланып, үйүнө келсе, белгисиз адамдар үйүндөгү 40 миң сом акчасын жана азык-түлүктөрүн уурдап кеткенин билдирген. Бул факт Лейлек РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, шектүү катары ошол эле айылдагы жашы жете элек 2 өспүрүм кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE