Пример HTML-страницы

Кочкор—Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы жолугушууда Кочкор—Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Бүгүн, 12-сентябрда өткөн жолугушууга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар катышты.

«Бул көпүрө боюнча мурдагы чогулуштарда 100 жолу айтылды. Авариялык абалда турат. Эгер көпүрөдөн өтүп баратканда бузулуп калса, 7-8 айыл үчүн кыйын болгону турат. Бул көпүрө тууралуу ар бир чогулуш болсо эле кайталап айта берүү керекпи? Чекит коюп койсо болот беле?», — деди жергиликтүү тургун Алтымыш Шаршенбаев.

Курманкул Зулушев көпүрө боюнча маселени тездетүү маселеси караларын, текшерип, маселени ордуна коерун айтты. (ред. 1:07:49 -2:07:10 мүнөттөрдө айтылган).

Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор—Коммунизм унаа жолунун 1500-чакырымындагы Чүй дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалган.

Текшерүүдө бюджеттик каражаттар жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп, бирок курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, Кочкор—Коммунизм унаа жолунун 1500-чакырымында жайгашкан, Чүй суусундагы бешинчи көпүрө 1970-жылы курулган. Көпүрө 4 пролеттон туруп, узуну 75 метрди түзөт, туурасы 10 метр. Бул көпүрө аркылуу Кара-Тоо, Кум-Дөбө, Ак-Жар, Арзы жана башка ондогон айылдардан катташат.

Бул көпүрө №955 жол тейлөө ишканасынын балансында турат. Кийинки мезгилде оор жүк ташуучу унаалардын көбөйүшү менен көпүрөнүн астыңкы тирөөчтөрү жер саздуу болгондуктан чөгүп, балкалар ийиле баштаган. 2016-жылы 14-15-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин суу кирип, акыркы тирөөч, опорасы чөгүп кеткен. Көпүрөнү оңдоо үчүн «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институтуна кайрылганда адистер келип көрүшүп, көпүрөнү оңдоого болбойт, аны кайра жаңыдан куруу керек деген бүтүм чыгарышкан.

Аталган институт тарабынан көпүрөнүн сметалык баасы 95 321 184 сомго бааланган. Долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүп, тендерге коюлган.

Даалатбек Алканов атындагы №955 жол тейлөө ишканасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубан Бейшеналиев көпүрө алты жылдан бери эмне үчүн бүтпөй келе жатканы тууралуу буларга токтолгон: «2017-жылы мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында «АЙАЛ Строй» ЖЧШнин Кыргызстандагы филиалы жеңүүчү деп табылган.

Бирок жеңүүчү деп табылган фирмадан сметалык баасын төмөн коюп, тендерге катышкан “Мосдортстрой” ЖЧКсы Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин комиссиясына чыгарылган чечимге каршылыгын билдирип кайрылышкан. Комиссия карап көрүп, “Мосдортстрой” ЖЧКсын жеңүүчү кылып, көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Жыйынтыгында «АЙАЛ Строй» ЖЧШи Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин комиссиясынын чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, райондор аралык сотко кайрылган. Сот ошентип департаменттин чечимин жокко чыгарып, «АЙАЛ Строй» ЖЧШнин арызын канааттандырып берген.

Биздин мекеме «АЙАЛ Строй» жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин Кыргызстандагы филиалы менен курулуш иштерин баштоо үчүн 2017-жылдын 29-декабрында 75 миллион 695 миң 352 сомго келишим түзгөн. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин комиссиясы райондор аралык соттун чечими туура эмес экендигин билдирип, шаардык сотко кайрылуу жасайт. Ошентип соттошуу болуп, акырык соттук процесс 2018-жылдын 21-июнунда өтөт. Шаардык сот райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырып, «АЙАЛ Строй» компаниясын күчүндө калтырат. Соттун чечиминин негизинде курулуш иштерин баштоо боюнча келишим жаңыланып түзүлүп, 2018-жылдын 31-декабрында республикалык бюджеттен 5000 000 сом​ акча каражаты бөлүнүп, жаңы​ курула турган​ көпүрөнүн эки тарабындагы жолго кум төгүлүп, 5 миллион 119,8 миң сомго жумуштар аткарылган. 2019-жылга акча каражаты каралган эмес. 2020-жылдын 15-сентябрында 5 миллион сом бөлүнүп, көпүрөнүн курулуш иштерине керектелүүчү темир материалдар каркастар, бургулоочу аппараттарды сатып алууга которулган. 2020-жылы 15-октябрда «АЙАЛ Строй» компаниясы менен Мамлекеттик жол курулуш башкармалыгынын ортосунда келишим түзүлүп, техника алынып келген .

2021-жылы райондун жетекчилиги аким Курбанбек Камчиев (мурунку аким) көпүрө куруучу компанияга ишти тездетүүнү тапшырып, эгерде иш токтоп турса, сотко берери эскертилген. 2021-жылга карата 20 миллион сом каралып, анын 15 миллион сому которулуп, ага 7 даана тирөөч куюлуп, отчеттору тапшырылган. Учурда 8 тирөөч куюлуп, 9-сун Чүй суусунда куюу үчүн каркастары даяр турат. Бирок, Жол министрлигиндеги реформага байланыштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту жоюлуп, кайра жаңыланып түзүлгөндүктөн, келишим кайра жаңыланып түзүлүп жатат. Кечээ байланышканыбызда, «акча каражаты которулса, иш баштайбыз» деди. Акча каражаты быйылкыга 3 миллион сом каралган. Ага бир эле тирөөч куюлат деп, дагы акча сурап жатабыз. Бул чоң көпүрө болгондугуна байланыштуу акчасы чоң болуп, жылыга бөлүп-бөлүп төлөнүп жатат. “АЙАЛ Строй» компаниясын мындан ары Жол чарба департементи өзү көзөмөлгө алып иштетет», — деди ал.

  • Юстиция министрлигинин маалымат базасында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, «АЙАЛ Строй» жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин Кыргыз Республикасындагы филиалы — чет өлкөнүн катышуусундагы уюм. Жетекчиси Избасар Алишер Алмасулы. 2016-жылдын 15-февралында каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: Турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE