Пример HTML-страницы

Күзөт кызматынын Оштогу кызматкерлерине кырсыкка кабылгандарга алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кайгуулчулар жана Ош шаардык тез жардам кызматынын кызматкерлери ИИМдин Күзөт кызматынын Ош шаардык батыш күзөт бөлүмүндөгү кызматкерлерге жол эрежелери, жол кырсыктары жана алардын алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тез жардам кызматынын өкүлдөрү кырсык катталган жерлерде жабырлануучуларга кечиктирилгис алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча семинардык жана практикалык сабак өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE