Пример HTML-страницы

Чүйдөгү мал базарда немис овчаркасын сатыкка алып чыгышты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-январда Чүй облусунун Москва районундагы мал базарда 1 жаштан өткөн немис овчаркасы 9 миң 500 сомго сатыкка коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ар жуманын жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал, чөп жана жайма базар уюштурулат. Бүгүнкү базарда арашан тукумундагы 3 жаш кочкор 120 миң сомго суралууда. Ал эми койлор жашына жана эттүүлүгүнө жараша 15 миң сомдон жогору.

Ошондой эле мал базарда адатташ тыш көрүнүш болуп, немис овчаркасы да сатыкка коюлду. Ал 9 миң 500 сомго бааланууда.

«Бул немис итинин аты Рекс. Ал паспорту боюнча 2022- жылдын 25-декабрында туулган. Үй, мал кайтарат. Адамдарга тийбейт. Үйдө ургачысы жана 2 күчүгү бар. Байкем өткөн жылдарда Кой-Таш тараптан сатып алган. Эми күчүктөрүн алып калып, өзүн сатыкка алып чыктым. Эгер кардар макул болсо, койго деле алмашам», — деди Беловодск айылынын 18 жаштагы тургуну Ыдырыс Ташбаев.

  • Немис овчаркасы 1899 -жылы Германияда пайда болгон кызматтык иттердин породасы. Ал издөө-куткаруу иштерине жардам берет. Күзөтчү ит деп да коюшат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE