Пример HTML-страницы

Бишкекте батир уткан күлүк Карашумкардын саяпкери Ш.Дүйшенбиевдин ийгилиги

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылынын 58 жаштагы тургуну саяпкер Шейшенаалы Дүйшенбиев 15 жылдан бери таза кандуу күлүктөрдү таптап келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөлүк жылкы заводдо иштейт.

«Өзүмдүн кесибим боюнча механизатор болчумун. Бирок таза кандуу аттарга кызыгып, аларга кызыгуум артып саяпкер болуп кеткем. Өзүбүздүн «Орозбек ата» жылкы заводубуз бар. Аны Дүйшенбиев Ырысмамбет деген улуу агабыз түптөгөн. Ал киши өзү Айыл чарба институтун бүткөн. Кичинекей кезинен бери жылкыга болгон кызыгуусу чоң болгон. Биз болсо кийин эле кызыгып аралашып кеттик. Азыркы учурда «Орозбек ата» жылкы заводдо 51 баш бээ, таза кандуу 5 айгыр бар. Жыл сайын келип бизди текшерип турушат. Роза Отунбаеванын убагынла макам алганбыз. Өзүбүздүн мөөрүбүз бар. Мен ошол жердин жетекчисимин, өзүм саяпкермин.

Өзүбүздүн эле аттарыбыз болгондуктан 1 жардамчы бала бар. Экөөлөп иштетебиз. Эл «суутуп берсең болот эле» деп аттарын көп алып келишет. Бирок өзүбүздүн аттарыбыздан эле бошобой калып жатабыз. Кыргызстанда саяпкерликти окуткан жерлер деле жок да. Илгерки саяпкерлердин жанында жүрүп, ошолордон үйрөнүп саяпкер болот да көбүнчө. Мен өзүм таза кандуу жылкы баккандан кийин ар кимден сурап, чоң саяпкерлерден кеңеш алып жүрүп саяпкерликтин ишин түшүнө баштагам. Таласта Батыркулов Улан деген саяпкер бар. Мен ошол кишиден көп кеңеш алам. Айтканын кылып жүрүп үйргөнгөм десем болот. Андан башка көп саяпкерлер менен аралашып, чогуу суутушуп жүрүп саяпкерчиликти өздөштүрө баштагам.

Азыркы тапта аттарым кудайга шүгүр, өзүм таптап өзүм үстүнөн түшпөй карап жүрөм. Кечээ жакында Эгемендүүлүк майрамында Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда өткөн ат чабышта менин атым маарага 58 мүнөттө биринчи болуп келип, Бишкек шаарынан 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын алдык. Ал Карашумкар деген күлүк 3 жашта. Англис жана араб аттарынын каны бар. Экөөнүн ортосунан чыккан күлүк. Өзүбүздүн эле жылкы заводубуздан чыккан. Быйылкы сезондон үчүнчү чабылышы. Буга чейин да ийгиликтерди багындырып, алдыңкы орундарга ээ болуп келген.

Мунун агасы 2012-жылы чоң байгени уткан. Ошондо ошол жердегилер «оозуңдан чыккан бааны айт, беребиз» дешкен. Бирок мен макул болгон эмесмин. Бир дунган жигит 100 миң долларга сураган. «Таластын намысын коргогон күлүктү сатпайм» деп койгом. Бул деле ошонун иниси. Муну деле «каалаган суммаңа сат» деп сурагандар болуп жатат. Мунун баасы жок, сатылбайт. Талас элинин сыймыгы болуп, намысын коргоп жаткандан кийин сатам деген ниетим болгон жок.

Ал эми ат чабышка чукул эле убакыт даярдык көрүп калдык. Тоого чабылат дегенден кийин өйдө ылдый иштеттик. Бирок убакыт аз болгондуктан чала бучук эле иштелип калган. Кудай таалам насип кылган экен атыбыз биринчи келип калды. Негизи чабандеси 60 кг ылдый болбосун деген нерсе коюлган. Таразага тартканда өзүм оор болуп калдым. Өзүм эле 65 кг, ээрим менен кошо 70 кг ашып кеттик. Ашыкча салмак көп болуп калды. Ага болбой эле өзүмдүн атымды өзүм эле чабайын, бирөөлөр дагы кыйнап койбосун деп өзүм чапкан себебим деле ушул болду.

Маарага биринчилерден болуп келгенде сүйүндүм. Бирок 15 жылдан бери ат чаап жүрүп, оюндарга чыгып жүргөндүктөн бир калыпта эле болдум. Эми бул нерсе менин тагдырыма жазылган нерсе чыгар. Менден өтүп Таластагы элим сүйүнүп толкунданышты. Күйөрмандары көп болду десем болот. Кээ бир ат сүйүүчүлөр сүйүнгөнүнөн ыйлап да жиберишиптир. Азыр куттуктоолор көп келип жатат. Таластан чыккан эң мыкты күлүк деп аташкандар да болууда. Ат чабыш өтө татаал болду. Андай жолго деги эле ат чаап көргөн эмеспиз. Жалпы 90 ат жазылып, 89 ат чабылды. 9 атка байге коюлган. Мен маарага 58 мүнөт дегенде келип жеттим. Арттагыларым 1 саат, андан ашык убакытта келип жетишти», — деди ал.

Саяпкер буга катар эле жылкылардын кантип багарын айтып берди.

«Күлүктөр 2 маал жем жейт. Арпа, сулуу, буудай, алма, сабиз берип турабыз. Андан башка витаминдүү нерселерден да байма-бай берип келебиз. Бай адамдардын көбү ат багышат. Алар аттары үчүн тамактануусуна эч нерселерин аяшпайт. Жакшы тамактандырышат. Биз дагы алардай болуп жакшы тамактандырганга аракет кылып жатабыз. Бир атка 1 жылда 100 миң сом чыгаша кетет.

Саяпкерликтен сырткары жер иштетем. Көбүнчө чөп айдайм. Чөп айдабаса да болбойт. Бирок ошол чөп дагы жетпей калып сатып алабыз. Чыгашабыз 1 жылда жакшы эле болот. Бирок ат чабышта байгелүү орундарга ээ болсо, чыгашаң деле унутулуп калат. Таластын багын ачкан мунун агасы болсо, намысын коргогон Карашумкар иниси болду деп ойлойм. Мага 1 бөлмөлүү батир деле оңойчулук менен келген жок. Мындай оюнду мен биринчи жолу көрүшүм. Абдан татаал, оор болду. Чаап жүргөн аракетибиз менен байгеге ээ болдук. Аксакалдарды чогултуп, сый тамак уюштуруп, алардын батасын алганбыз. Эми Таластан жакынкы күндөрү жакындарымды чогултуп бата алам», — деди ал.

«Орозбек ата» жылкы заводунун күлүктөроү жалпысынан Президенттин кубогун 2 жолу — 2012 жана 2014-жылдары уткан. 2014-жылы Чагылган деген күлүк утушка ээ болгон.

«Андан башка бир канча ат чабыштан жалпысынан 10 унаа уткам. Чагылган деген күлүк 10 миң долларлык унааны Жайылган баатырдын 185 жылдында утуп келген», — деди ал.

Шейшенаалы саяпкер 6 уул, 1 кыздын атасы.

Майрамдагы ат чабыш:

31-августта Чүйдүн Чуӊкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк майрамы жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өткөн. Анда күлүктөр 31 чакырым аралыкка чуркашкан.

Ат чабыш оюндары боюнча усулчу Бакай Шүкүровдун берген маалыматы боюнча, жалпы 89 ат катышып, тогузу байгелүү орунга жетишкен.

«Абдан кызыктуу оюн болду. Аттар катаал шартта, төмөндөн жогоруга 31 чакырым чуркашты. Жалпы 89 ат катышса, анын жарымынан көбү орто жолдон кайра артка кетишти. Айрымдары токтоп калышты. Мага жеткен маалымат боюнча, жолдон 2 ат өлдү. Отуздай ат акырына чейин келди. Негизи мындай катаал шартта гана эмес, аттар түздүк жерден деле өлгөн учурлар болот. Өлгөн аттын бири маарага 200 метрдей жетейин деп калган. Кыргыз-казак ат чабышындагы ата-бабабыз колдонуп келген эреже боюнча, өлгөн аттын чабандеси чылбырды алып, маарага чуркады. Ал 4-орунга чыкты», — деди ал.

Эскертүү! Видеодо маданиятсыз сөздөр айтылган.

Жыйынтык:

— 1-орунга Кара шумкар аттуу күлүк келди. Анын ээси Ырысмамбет Дүйшенбиев, саяпкери жана чабандеси Шейшеналы Дүйшенбиев. Талас облусунун Кара-Бура районунан келген. Байгеси — Бишкектен 1 бөлмөлүү батир.

— 2-орунга Ак-Таноо аттуу күлүк келди. Анын ээси Кайым Аманов, саяпкери Айбек Сатыбалдиев, чабандеси Сыймык Азимжанов. Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарынан келди. Байгеси — 500 миӊ сом.

— 3-орунга Ак-Чий аттуу ат келди. Анын ээси Болот Акиров, саяпкери Мирлан Акматов, чабандеси Уланбек уулу Тариэл. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген. Байгеси — 300 миӊ сом.

— 4-орунга Дулдул аттуу күлүктүн (өлгөн ат) чабандеси келди. Аттын ээси Султан Маткеримов, саяпкери Алтынбек Калмуратов, чабандеси Бекзат Жакыпбеков. Ысык-Ата районунан келди. Байгеси — 200 миӊ сом.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE