Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районундагы 18 мектепте акыркы коңгуроо кагылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун 18 мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы коңгуроо салтанатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, алдыңкы окуучуларга сыйлыктар, стипендиялар тапшырылды.

2021-2022-жылында райондогу мектептерде жалпы 9-классты 656, ал эми 11-классты 483 окуучу аяктап жатат.

«Күнү-түнү күзөт нөөмөттөрү уюштурулуп, ыкчам топтор өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча иш алып барышууда. Учурда абал тынч», — деди Каныбек Эсеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE