Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү айылда 52 жаштагы шектүү адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде таштанды таштоочу жайдын жанында 35-40 жаш чамасындагы азиат түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылгандыгы айтылган. Ал жерге тергөө тобу барып, каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал 1987-жылы туулган Т.К. аттуу аял болуп чыкты. Анын денесинин зомбулуктун издери табылып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Аталган факт боюнча Жети-Өгүз РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 1972-жылы туулган тургуну А.Б. кармалды.

Алдын ала суракта кылмышка шектүү адам каза болгон аял менен чогуу жашап келишкенин айтып берген. Ошол күнү экөө чатакташа кетип, анын башына балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөн. Аялдын сөөгүн ашкана бөлмөсүндө 9 күн кармап, андан кийин үйүнүн жанындагы таштанды таштоочу жайдагы бактын жанына таштап кеткен.

Кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE