Пример HTML-страницы

Turmush: «Айылдашын аялы менен ойноштукка айыптап, жыныстык мүчөсүн бычак менен сайгылаган»: Өзгөндөгү эки теңтуштун жаңжалы

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда 44 жаштагы жарандын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

2023-жылдын 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну К.Ш. ошол эле айылдын 44 жаштагы тургуну Э.Т.ны өзү жашаган үйүнө чакырган. Үйдүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, К.Ш. бычак менен Э.Т.нын денесине жаракат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү жетип келип, жабырлануучуга тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн.

К.Ш.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну К.Ш. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Turmush басылмасына маалым болгондой, эркектердин ортосундагы чыр кызганычтан улам чыккан.

Кармалган жаран айылдашын жубайы менен жакын мамиледе болгон деп шектенген. Жаңжал учурунда кылмышка шектүү айылдашын чечинтип, мамыга байлап, андан соң жыныстык мүчөсүнө бычак сайган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE