Пример HTML-страницы

Талас шаарындагы батирлер канча сомдон ижарага берилет?

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарындагы батирлер ижарага канча сомго чейин берилет? Бул суроого аймактык кабарчы жооп алды.

Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Бермет Калдыбаева бир нече жылдан бери өзүнүн 3 бөлмөлүү батирин студент кыздарга ижарага берет.

«Мен жалгыз бой болгондуктан, үйдөгү 2 бөлмөгө студент кыздарды жашатам. Өзү 3 бөлмөлүү батир. Ар бир бөлмөнүн ичинде эмерек жана керебеттери менен 3 кыз жашайт. 1 бөлмө үчүн 6 миң сом төлөшөт. Тамак-аштарын өздөрү алып келип жешет», — деди ал.

Ал эми өзүнүн ысымын билдиргиси келбеген Талас шаарынын тургуну 3 батирин ижарага берерин айтты.

Мен 3 батиримди тең ижарага берем. Алар көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан. Өзүм жер тамда турам. 3 комнаталуу үйүмдө үй-бүлөлүү адамдар жашайт. Алар 18 миң сом төлөшөт. 2 бөлмөлүү үйүмдө студент кыздар жашашат. Ал жердеги 5 кыз 12 миң сом акы беришет. Андан көп жашайбыз дегенде уруксат бербей койгом. Ал эми дагы бир 2 бөлмөлүү батиримде үй-бүлөлү жубайлар жашашат. Анын ичин жакшы ремонт болбогондуктан 8 миң сомго ижарага бергем», — деди ал.

Орточо эсеп менен Талас шаарында бир студенттин батирге ижарасы 2500-3000 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE