Пример HTML-страницы

Полковник Санжарбек Абышев Кара-Көл ШИИБди жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын полковниги Санжарбек Абышев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жаңы жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамына тааныштырды.

Кара-Көл ШИИБдин мурдагы башчысы, милициянын полковниги Эрнист Молдокеев Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамына ылайык, жаш курагы боюнча ардактуу эс алууга узатылды. Эрнист Молдокеев ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун кызмат өтөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE