Пример HTML-страницы

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн астындагы унаа токтоочу жай кайра жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Достук» көпүрөсүнүн астындагы унаа токтотуучу жайдын ишмердүүлүгү прокуратура тарабынан токтотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык прокуратурасы аталган башкармалыкка кат жөнөткөндөн кийин ишкер менен түзүлгөн келишимдер бир тараптуу бузулган.

«Эстакадалык көпүрөнүн үстүндө эки же үчтөн ашык тилке болгон учурда анын астын пайдаланууга болбойт деген мыйзам бар экен. Бизге Ош шаардык прокуратурасынын талабы, каты негиз болду. Ал жердеги унаа тыгындарын жоюу максатында унаа токтотуучу жай болуп турса деп уруксат берилсе, жерди ижарага алган адам базар кылып жиберди. Ошондуктан келишимдер бир тараптуу бузулду», — деди Мурзалиев.

—————————————————

Буга чейин Turmush «Достук» көпүрөсүнүн астындагы жер жеке ишкерге ижарага берилип, унаа токтотуучу жай уюштурулганын жазган.

Дастан Мурзалиев жергиликтүү бийликтин бул аракети базарга жана соода түйүндөрүнө жакын жердеги унаа тыгынын жоюп, унаалардын баш аламан жүрүүсүн чектей турганын билдирген. Жер айына жергиликтүү казынага 251 миң сом төлөп берүү келишими менен ижарага берилген болчу.

Учурда бул көпүрөнүн астында жер-жемиш жана сүт азыктарын саткан чакан базарлар да бар. Андан сырткары Рыспай Абдыкадыров көпүрөсүнүн астында машыгуучу аянтча жана кафе курулган. Бирок адистер курулуш эрежелерине ылайык, көпүрөлөрдүн астына адам көп топтолуучу жайларды уюштурууга тыюу салынарын айтат.

Абсамат Масалиев чоң көчөсү менен Курманжан датка көчөсүн байланыштырган «Достук» эстакадалык көпүрөсү 2015-жылы пайдаланууга берилген. Көпүрө Россия берген гранттын эсебинен курулган. Анын узундугу 265 метр, туурасы 23,9 метр, бийиктиги 5,5 метрди түзөт.

——————————————

Буга чейин мурунку мэр Таалайбек Сарыбашовдун тушунда «Достук» көпүрөсү ишкерге келишимдин негизинде унаа токтотуучу жай катары ижарага берилген. Жеке ишкер айына 75 миң сомдон ижара акысын төлөө келишим түзүп, аукциондон утуп алган.

Кийинчерээк Ош шаардык прокуратурасы эки тараптуу келишимдерди иликтеп чыккандан кийин унаа токтотуучу жай ишин токтоткон.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын ошол учурдагы жетекчиси Алтынбек Пирматов Turmush басылмасына аталган даректеги унаа токтотуучу жайлар боюнча маалымат чыккандан кийин прокуратура келишимдерди иликтеп баштаганын билдирген.

«Turmush басылмасына чыккан маалыматтын негизинде прокуратура бизди иликтеп, эскертүү берген. Биз ал жерде унаа токтотуучу жайдын ишин толук токтоттук. Буга чейинки келишимдер мыйзамсыз деп табылып, ал келишимдер бир тараптуу бузулду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте айланасын бетон тосмолор менен тосуп чыкканбыз. Ал жерге унааларды киргизбөө боюнча милициянын кайгуул кызматына тапшырма берилген. Ал жер эми иштебейт», — деген Алтынбек Пирматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE