Пример HTML-страницы

Ош шаарында китепканалардын санын кыскартуу каралып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык борбордук китепканасынын филиалдарын жабуу боюнча токтом чыга элек. Бул тууралуу аталган китепкананын директору Салима Токтомаметова билдирди.

Анын айтымында, азырынча кайсы китепкана жабылары белгисиз. Бирок 1 жылда дароо 8 китепкананы жабуу — бул трагедия.

«8 китепкананын бардыгында тең өзүнүн окурмандары, китеп фонду бар. Ичи жасалгаланган, эмеректер да бар. Бул күнгө чейин биз ар бир китепкана үчүн кам көрүп келдик. Негизги эле максаты окурмандарды тартуу жана шаардын тургундарын тейлөө болуп саналат.

Негизи жыл сайын бюджет каралат. Быйыл эле бюджет эки жолу каралып, бирок чечилген эмес. 2023-жылдын бюджети эки жолу бекитилбей чыкты. Министрлер кабинети белгилегендей, шаардык кеңеш тарабынан бизге «Китепкананы оптимизация кылып, снариптештирип, китепкананын бардыгын электрондук окуу залына өткөрүү керек. Окурмандардын көпчүлүгү электрондук китеп окушат. Шаарга мынчалык китепкананын кереги жок. Ашыкча чыгым сарпталып жатат» деген маалымат берди. Себеби алардын максаты ашыкча китепканаларды жабуу болду. Мындай оптимизациялоо шаардык кеңеш же мэрия тараптан эмес, Министрлер кабинентинен болуп жатат деп ойлойм.

Бизде 11 филиал болсо, анын ичинен 8 китепкана жабылып кетүү коркунучунда турат. Макул, мен китепкананы жаппасын дебейм. Бирок бир эле убакта сегизин жаап салуу туура эмес. Эгер жабыла турган болсо, бизден жалпы 18 кызматкерибиздин саны кыскарат. Азыркы учурда шаардык кеңеште, шаардык мэрияда комиссия түзүлүп жатат. Алар китепканаларды текшерип, кайсылары жабылары боюнча чечимин чыгарышат. Бүгүнкү күндө китепканалар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Китепканалар жабыла элек, бизге кайсылар жабылары белгисиз», — деди ал.

Салима Токтомаметованын айтымында, китепкана талапка жооп бербеген жерде жайгашып калган.

«Бизге тардык кылат. Мындан сырткары бул жерде нымдуулук бар. Жалпы окурмандар булар жерге келип каалаган нерсесин сурап, окуй алышат. Ал эми паркка келген улуу муундагы адамдар бизден жалаң гезиттерди окушат. Мен буга чейин дагы шаардык мэрияга, азыркы, мурунку жетекчилерге суранып, кат жазып, заман талабына ылайык чоң китепкана салуу боюнча кайрылып келдим. Бул боюнча жетекчилер атайын жер издеп, бирок тапкан жок. Эгер тапканда Ош облустук китепканасындагыдай шарт түзүп, багытына жараша бөлүмдөргө бөлмөкпүз. Тилекке каршы, бул иш жүзүнө ашпай турат. Менин талабым — бир жерден орун алып, бардык нормативге жооп берген чон китепкана курулсун», — деди Токтомаметова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE