Пример HTML-страницы

Ноокатта мүмкүнчүлүгү чектелген 40 адамга акчалай жардам көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-декабрь күнү Ноокат шаарынын мэриясы менен Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Эл аралык майыптар күнүнө карата Ноокат шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү.Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду.

Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE