Пример HTML-страницы

Москва районунда хризантема гүлү массалык түрдө сатыла баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushАйымдар өзгөчө жактырган, ийгилик тартуулап, акылдуу гүл аталган хризантеманын түрлөрү Чүй облусунун Москва районунда сатыкка көп чыгып, бир таңгагы 150-200 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу соодагерлер билдирди.

«Адамзаттын жашоосун гүлсүз элестетүү мүмкүн эмес. Гүл кооздук үчүн гана эмес, аны тандоодо адамдардын мүнөзүн да байкоого болот. Маселен, учурда базарда бир таңгагы 150 сомдон 200 сомго чейин сатылып жаткан хризантеманын көпчүлүгү жай, күз мезгилинде гүлдөшөт. Ошондой эле ал акылдуу, ийгилик тартуулоочу мааниге ээ болуу менен өзүн мыкты сапаттарын анчалык баалай билбеген касиетке ээ. Ал эми жаз жарчысы байчечекей гүлү назик болгону менен эч нерседен коркпогон, өз күчүнө ишенген мааниге ээ. Мындан сырткары роза, жоогазын, орхидея, сирень, калла, астра, лилия жана башка гүлдөр да ар түрдүү мүнөздү ачыктап турат», — деди соодагерлер.

Ал эми Александровка айылынын тургуну Зарина: «Корообузга ар түрдүү гүлдөрдү өстүргөнбүз. Жайында жашылча-жемиштерди сатсам, эми хризантема гүлүн сатып жатам. Ушул эле гүлдөн күз айларында 30 миң сомго чейин пайда табам», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE