Пример HTML-страницы

Колхоздо улук чабан болгон Тырмактай апа «Москвич» менен сыйланган

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Тырмактай Турганова кезинде колхоздо иштеп, ишиндеги ийгиликтери үчүн «Москвич» менен сыйланган.

Каарманыбыз 1930-жылы 2-майда Ача-Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу болгон. 1953-жылы Кара-Суу айылына келин болуп, 2 баланы тарбиялаган. Учурда 17 небереси бар.

«Колхоз тараганга чейин Кара-Суу айылында иштедим. Улук чабандыкка чейин жетип, «Москвич» үлгүсүндөгү унаа менен сыйландым. Андан кийин далай сыйлактарды алдым. Ал кезде баарыбыз ишибизди сүйүп, берилүү менен туура, так иштечүбүз. Ичип-жегенди деле билчү эмес элек. Таза иштедик, ошого жараша ишибиздин үзүрүн көрдүк.

Абышкам менен 62 жыл чогуу жашадык. Анын-аты жөнү Эсенгул Турганов, Кара-Суу айылында 1930-жылы туулган. 5 бир туугандын улуусу болуп, өмүр бою чабан болуп эмгектенген. 2015-жылы 85 жашында каза болду», — деди ал.

Тырмактай апанын өзгөчө ысымын чоң атасы койгон.

«Энем турмушка эрте чыгып, 16 жашында эле мени төрөптүр. Мен кичинекей болуп төрөлгөндүктөн, чоң атам мага Тырмактай деген ысымды бериптир. Азыр 90 жаштын тамагын ичип жатам. Келиним, уулум менен турам.

Өзүм жаштайыман кол өнөрчү болуп, үйдөгү шырдактардын баарын жасадым. Атам Мамбетакун согушта каза болуп калган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE