Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБерикбаев Бактыбек Султанбаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Аны дайындоо боюнча буйрукка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев 2024-жылдын 20-мартында кол койгон.

Жаңы айыл өкмөт башчыны акимдин орун басары Улан Батыров 26-март күнү жамаатка тааныштырды.

Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Аскарбек Ахматов Араван районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган. Андан мурдагы айыл өкмөт башчы Руслан Маматов учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына Кара-Суу округунан талапкерлигин койду.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE