Пример HTML-страницы

Кара-Көлдөгү тургун унаасына 3 эликтин этин жүктөп келе жатканда токтотулган. Ага 150 000 сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 баш элик атып алган жаранга 150 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Кетмен-Төбө өрөөнү жана Кара-Көл аймагы боюнча жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш алып барган коомдон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-декабрында рейд уюштурулган. Рейддин жүрүшүндө автоунаа токтотулуп, ичинен 3 эликтин башы жана эти табылган. Эликтерди аткан жаранга 150 миң сом айып салынып, өндүрүлдү.

Ошондой эле ага ок атуучу куралды сактоо эрежелерин бузганы үчүн 12 500 сом айып салынды.

«Уруксатнааманы алган жарандар аны башка максатта колдонулууда. Тактап айтканда уруксанааманы колуна кармап алып, аңчылык эрежелерин сактабай, карышкыр, чөө атуунун ордуна башка жаныбарларды атып жаткан фактылар байма-бай катталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE