Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө түндө ооруканага жеткирилген жигит 2 күндөн кийин каза болуп калды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарынын 34 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүнө жыгылып түштү деп жеткирилип, 2 күндөн кийин каза болду. Бул туралуу маалыматты бүгүн, 2-июлда Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя 26-июндан 27-июнга караган түнү болгон. Шаардын 34 жаштагы тургунду (2-топтогу майып) жыгылып түшкөн деп ооруканага жеткиришкен. Реанимацияда жатып кийин өзүнө келбей, 29-июнь күнү каза болуп калган. Аталган факты боюнча текшерүүдө аны белгисиз адам сабап, денесине жаракат келтиргендиги белгилүү болгон. Учурда бул факты Кара-Көл ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE