Пример HTML-страницы

Кара-бууралык У.Акматалиев 5000 долларлык күлүктөрдү багууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Молдо Асан айылынын 20 жаштагы тургуну Улукбек Акматалиев 5000 долларлык күлүк аттарды багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 13 жашынан бери улак тартып келет.

«Үй-бүлөбүз менен күлүк аттарды, бээлерди багууга кызыгабыз. Өзүм 13 жашымдан баштап улак чаап жүрөм. Ортодо ойнобой калган учурлар да болот. Көп жылдан бери эле таза кандуу күлүк аттарды таптайбыз. Көбүнчө улак чаап жүргөн жигиттер сатып алып кетишет. Белгилүү улакчылар чаап жатканы мени кубандырат. Мага көбүнчө чоң атам жардам берип карашат. Азыр 2 күлүктү таптап жатам. Бирөөсүнүн аты Көлкара, 5 жашта. «Кара-Буура» командасында ойнойт. Муну башында Талас районунун Калба айылынан сатып алганбыз. Байгелүү орундарга ээ болуп, жакшы ойноп келет. Ал эми экинчиси Чаян, 1 жашта. Мунун атасы Максимус, энеси Айсары. Атасы да, энеси да күчтүү күлүктөр. Бул күлүк өзүбүздүн бээден, сатып алган эмеспиз. Ал эми Байрак деген күлүктү сатып кетишкен. Сатылып кеткен күлүктүн баасы эч убакта айтылбайт. Бирөөнүн сөзү, бирөөнүн көзү бар демекчи. Өзүнүн акчасын актаган күлүктөрдөн. «Ынтымак» командасында ойноп жүрөт.

Буларды үйдө эле багабыз. Буудай менен багылат. Ал эми улакка чабыла турган болсо арпа беребиз. Оюнга 1 ай калганда жай бастырып, этин катырабыз. 10 күн катуу чуркатабыз. Оюнга 10 күн калганда желдетип, жакшы даярдык көрсөтүп тердетебиз. Тапталып жатканда буудай жебейт. Жеңил азык жеп, көп басат.

Негизи көк бөрү оюну жаз, күз, кыш мезгилдеринде көп ойнолот. Сезон учурунда күлүктөр көп чабылат. Күлүктөргө көз арткандар көп болот. Атайын бир сумманы айтып, сатпайсыңбы дегендер да болбой койбойт. Булар күчтүү аттардын тукумдары. Бирок азыр өзүм эле таптап, өзүм чаап жүрөм. Биз багындыра турган ийгиликтер алдыда деп ойлойм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE