Пример HTML-страницы

Кара-балталык Екатерина Руренко Белоруссияда өткөн каратэ боюнча спартакиада коло медаль тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарынын спортчусу Екатерина Руренко КМШ өлкөлөрүнүн II спартакиадасында каратэ боюнча коло медаль тагынды.

Анын медалы Кыргызстандын каратэ боюнча курамасы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн II спартакиадасында жалгыз медаль болгон.

1999-2005-жылдары туулган балдар жана кыз-келиндер катышкан каратэ боюнча мелдеш 2023-жылдын 10-14-август күндөрү Могилев шаарында (Беларусь) болуп өттү.

Ага Белоруссия, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Кувейттен келген спортчулар катышты.

Ар бир категорияда экиден эң күчтүү катышуучу болгон.

Катя кумите боюнча 4 беттеш өткөргөн. Өзбекстандын жана Азербайжандын спортчулары менен биринчи жана экинчи беттеште жеңишке жеткен.

«Үчүнчү беттеш Россиянын спортчусу Сунита Халимова менен болду. Ал абдан тажрыйбалуу спортчу. Мен аны абдан жакшы билем. Биздин беттештин эсеби 5:2 болду. Жада калса 2 упай алганга да жетиштим.

Төртүнчү беттеште Өзбекстандын спортчусу бир аз күчтүү болуп чыгып, 3-орунга ээ болдум», — деди Руренко.

Спортчунун айтымында, бул узак тыныгуудан кийинки биринчи мелдеш. Акыркы жолу 2020-жылы шотокан каратэ боюнча Азия чемпионатынын мелдешине катышып, чемпион болгон.

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары менен ал каратэге кайтып келип, эми Астанада (Казакстан) өтө турган Азия кубогуна катышууга ниеттенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE