Пример HTML-страницы

Гүлназира Кыргызбай кызы Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызбай кызы Гүлназира Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кара-Көл шаарынын мэри Таалайбек Коңкобаев кол койду.

Кыргызбай кызы Гүлназира 22 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келет.

2015-жылдан бери Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө башкы адис кызматын аркалаган. Акыркы 7,5 айдан бери шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып жаткан.

Ал 1983-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

— 2008-жылы Жалал -Абад мамлекеттик университетинин экология жана жаратылышты пайдалануу адистигин;

— 2018-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физика- математика адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 2002-2009-жылдары Токтогул районундагы Нургазиев атындагы орто мектебинде биология мугалими;

— 2002-2009-жылдары Кетмен-Төбө шаарчасындагы №5 Хуриев атындагы орто мектеби, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;

— 2009-2013-жылдары Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси;

— 2015-жылдын декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE