Пример HTML-страницы

Былтыр Ысык-Көлдө 1 жашка чейинки 105 наристе чарчап калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда мурунку жылдарга салыштырмалуу эне-баланын өлүмү азайды. Бул тууралуу облустук коллегияда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, былтыркы жылы төрөттөн улам 3 эне каза тапкан. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 6 учурга аз. Энелердин өлүмү Балыкчы шаарында, Ысык-Көл, жана Түп райондорунда катталган.

2022-жылы 1 жашка чейинки 105 баланын өлүмү катталып, жыл ичинде 7801 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Балдардын өлүмү 2021-жылга салыштырмалуу 64 учурга азайды.

  • Ал эми жаңырган жылда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүнөн жарыкка келген наристелердин ичинен 6 бала көз жумган.

Алты ымыркайдын экөө 1000 граммдан төмөн салмакта ара төрөлсө, төртөө 2800 граммадан 3450 граммга жеткен. Алар септикалык шок абалында болуп, дем алуу органы, мээ жана ашказанында көйгөй жаралган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себебин атады.

«Балдар сепсистен каза болгон. Бул өтө оор диагноздордун бири. Ушул диагнозго алып келген шарттардын бири — тазалыктын сакталбаганы. Көзөмөл жетиштүү деңээлде болгон эмес», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE