Пример HTML-страницы

Бири-бирине “душман” азыктар

https://kyrgyzcha.site/?p=53760&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бири-бирине “душман” азыктар

Айрым азыктарды бири-бири менен айкалыштырууга болбойт. Эгер аларды кошуп жеген болсоңуз, тамак сиңирүүгө терс таасирин тийгизет, пайдалуу микроэлементтер менен витаминдердин организмге сиңүүсүн жайлатат же биротоло эле токтотуп салат. Ал азыктар төмөнкүлөр:

 

Эт менен макарон. Бул эки азык кошулганда ичти көптүрөт. Тамак сиңбейт, ашказаныңызда кыжылдоо пайда болот. Эгер туура тамактанууну кааласаңыз, макарон палоого эт кошпой жасаңыз. Жакшысы макарондун сууга бышкан түрүн колдонуңуз.

 

Эт менен сыр. Сырда фосфор бар, ал эми этте цинк бар. Бул экөө тең зат алмашуу процессине катышканда фосфор цинктин организмге толук сиңишин жайлатат.

 

Жашылчалар жана спирт ичимдиктери. Негизи жашылчаларды эмне менен болбосун, жей бергенге болот, бир гана спирт ичимдиги менен эмес. А түгүл, бир бокал вино да жашылчадагы В1 витамининин организмге сиңишин кыйындатат. Андыктан буларды айкалыштырбай эле койгон оң.

 

Картошка менен жумуртка. Картошкада минералдардын көп өлчөмү бар. Алар жумурткадагы темир менен кальцийдин организмге сиңишине терс таасир этиши мүмкүн.

 

Балык менен жумуртка. Балыктын майлуу сорттору В7 витаминине бай, ал эми жумурткада болсо овидин бар. Овидин В7 витаминин толук бойдон жокко чыгарат. Ошондой эле күрүчтү да жумуртка менен айкалыштыруу сунуш кылынбайт, анда да В7 витамини көп.

 

Бадыраң менен помидор. Көрсө, биздин помидор менен бадыраңды аралаштырып салат кылып жегенибиз туура эмес экен. Жаңы бадыраңда энзим аттуу белок бар. Ал помидордогу С витаминин толук бойдон жок кылып салат. Бир нече килограмм помидордогу С витаминин жок кылууга бир нече тамчы бадыраң ширесинин күчү жетет.

 

Ак сыр менен помидор. Ак сыр менен помидорду аралаштыруу биздин муундарыбыз үчүн зыяндуу. Помидордун курамындагы кислоталар менен ак сырдын курамындагы кальций “келише алышпайт”. Бул азыктарды көп кошуп жесеңиз, муун оорусуна чалдыгышыңыз мүмкүн.

 

Балык менен семичке же жүгөрү майы. Балык нерв системасына, муундарга оң таасир этүүчү Омега-3 майлуу кислотасынын баалуу булагы болуп эсептелинет. Семичке жана жүгөрү майларында болсо Омега-6 кислотасы бар. Омега-6 Омега-3түн таасирин таптакыр жоготуу менен бирге организмдин картаюу процессин тездетет. Андыктан балыкты кууруп жегенден көрө бууга же болбосо духовкага бышырып жесеңиз ошол пайдалуу.

 

Вино менен кызыл эт. Вино ичкенде уйдун, койдун, жылкынын эттерин кошо жесеңиз, бул сизди аз кандуулукка чейин жеткириши мүмкүн. Анткени винонун курамында темирдин организмге сиңишин жайлатуучу зат бар. Ал эми эт – темирдин эң негизги булагы.

 

Чай менен дрожж кошулган камырдан жасалган азыктар. Чайдын курамында организмге магнийдин, кальцийдин, жездин, цинктин жана темирдин сиңүүсүн чектөөчү зат бар. Чай канчалык коюу демделген болсо, анын таасири ошончолук күчтүү болот. Дрожж кошулган камыр нерв системасынын ишин жакшыртуучу В1 витаминине бай. Ушул жагынан алып караганда, мындай камырдан жасалган азыктар пайдалуу болуп эсептелинет. Тилекке каршы, аларды чай менен аралаштырганда чай бул витаминдин сиңишине тоскоолдук жаратат.

 

Картошка менен май. Бул эки азык өз-өзүнчө алып караганда жогорку калориялуу азыктардын катарына кирбейт. Бирок экөө кошулганда баары тескерисинче болот. Картошканы майга кууруп жегенде ошол учурдагы майдын баары биздин организмибизде топтолот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE