Пример HTML-страницы

Баткенде Тажикстан менен чектешкен жаңы айыл пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 29-март күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында Ж.Момунов айылынын ачылышы болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-январындагы «айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов конушу айыл статусун алган.

Ага Баткен районун түптөөгө зор салым кошкон коомдук ишмер Жолдошбай Момуновдун ысымы ыйгарылды.

Айылдын ачылуу аземине жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Жолдошбай Момунов айылы райондун борборунан 13 чакырым алыстыкта жайгашып, Тажик Республикасы менен чектешип турат.

Айылдын жалпы аянты 350,0 гектар. 2014-жылы 600 кожолукка турак жай куруу үчүн жер бөлүнүп берилген. 100,0 гектар жер аянты айыл тургундары тарабынан өздөштүрүлүп, өрүк бакка айландырылган. Калган 160,0 гектар жер аянты жайыттар категориясына кирет.

Учурда 203 кожолук жашайт, жалпы калктын саны 915.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE