Пример HTML-страницы

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту. Эмне маселе талкууланды?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-октябрда Баткен районунда Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Коргончо жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аким Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген делегация менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.

«Чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда курулуш иштерин болтурбоо, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE