Пример HTML-страницы

Ала-Букада чек арадан 9 койду мыйзамсыз өткөрүүнү көздөгөн 2 адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүүнү көздөгөн 2 адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-март күнү саат 10:30 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 2 жаран 9 баш койду Өзбекстан Республикасына чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюнча топтолгон материал Ала-Бука РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына аткезчилик болуп катталып, окуяга тиешеси бар адамдардын өздүгү такталды.

«Алар — Ала-Бука районунун 1979-жылы туулган тургуну Ө.У. жана Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун 2002-жылы туулган тургуну Н.У. экени аныкталды. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө 27-март күнү саат 07:00 чамасында Н.У. жана Ө.У. мал базарга «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен барышкандыгы, мал базардан 9 баш койду жалпы 78 000 сом акчага сатып алышкандыгы, ал койлорду Өзбекстан Республикасынын Илхом аттуу жаранына өткөрүү үчүн Ала-Бука районунун Актам айылындагы чек арага жакын жерге алып баргандыгы такталган. Азыркы учурда бул окуя боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE