Пример HTML-страницы

Ак-талаалык мугалим Г.Жоробекованын Дубайдагы 7 күндүк эс алуусу

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы мугалим Гүлзада Жоробекова 7 күн Дубайда эс алып келип келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Гүлзада Жоробекова республикалык деңгээлдеги «Санарип мугалим» сынагында жеңишке жетишип, натыйжада Дубайга эс алууга жолдомо утуп алган.

«Санарип мугалим—Дубай-3″ республикалык сынагында жеңүүчү аталып, Дубайга жолдошум менен барып эс алып келдим. Дубай эң кооз, эң таза жана өнүккөн шаар экен. Жашоочулары кичи пейил, так жана жоопкерчиликтүү. Мынчалык өнүгүү деңгээлинин бир сыры дагы ушул го деп ойлодум. Келечекте биз окуткан окуучулар да өлкөбүздү ушундай деңгээлде өнүктүрсө дейм.

Нарын облусу боюнча жалгыз мен бардым. Калгандары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан барышты. 7 күн эс алдык. Дубай шаарынын эң көрүнүктүү жерлерин: «Бурдж-Халифа», Сафари чөлү, Дубай Марина районуна барып, Абу-Даби шаарындагы Шейх Заиддин мечитине зыярат кылдык. «Дубай Молл», шаар ичин кыдырып, Дубайдын кечки көрүнүшүн яхта менен көрүп чыктык. Пляждарда, бассейндерде болдук», — деди Гүлзада айым.

Мугалим Дубайда мейманкананы таппай, адашып калышкандыгын эскерди.

«Дубай шаарынын борборундагы бийлөөчү оргуманы көрөбүз деп, 2 үй-бүлө бардык. Оргума саат 19:00дөн 22:00гө чейин ар бир жарым саатта музыканын коштоосунда атылып турат экен. Өтө сонун көрүнүшкө күбө болуп, отелге жөнөгөндө кызыктар башталды. «Такси таап жетип алалы» деп, бир таксист менен сүйлөштүк. Таксистке «Отель Ситимакс» десем «окей» деди. Акчасын сүйлөшүп, унаага отурдук. Бир аз айдагандан кийин тиги байке: «Ситимакс Аль Барша», «Ситимакс Бур Дубай», «Ситимакс» деп, анан кайсынысына барабыз деп сурай баштады. Көрсө аталыштарынын баш жагы окшошуп кеткен 3 отель бар экен. Биз кайсынысы экенин билбейбиз, ар кайсыны жандайбыз. Ошентип кечки Дубайды дагы бир жолу кыдырып алдык. Акыры отелдин номерин таап, таксист менен сүйлөштүрүп, анан жетип алдык», — деди Г.Жоробекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE