Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда «Мурас Юнайтеддин» футболчуларын сыйлоо аземи жылдырылды. Оюнчулар бараткан учак Ошко учуп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында «Мурас Юнайтед» футбол клубунун оюнчуларын сыйлоо аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Аба ырайына байланыштуу футболчулар бара жаткан учак «Ош» аэропортуна конууга аргасыз болгон.

Буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылкы кубогун Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» командасы жеңип алганы маалым болгон.

16-сентябрда өткөн финалдык оюнда Жалал-Абаддын командасы өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» (Кант) командасы менен ойноду. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

«Мурас Юнайтед» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Бул жеңиш Жалал-Абаддын командасына 2024-жылы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеште ойноого, ошондой эле АФК Кубогунун 2024-жылкы сезонуна тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

20-сентябрь күнү футбол боюнча Кыргызстандын кубогун жеңип алган «Мурас Юнайтат» футбол клубунун оюнчуларын сыйлоо аземи Курманбек стадионунда уюштурулмак. Бирок аба ырайына байланыштуу Бишкек—Жалал-Абад каттамындагы учак аэропортко коно алган эмес.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн сыйлоо аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдиришти.

Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учактын Жалал-Абад жетпей калышына аба ырайы тоскоол болгон.

«Бишкек—Жалал-Абад каттамындагы учак Жалал-Абадга учкан. Бирок аба ырайы туруксуз болуп, жолдун көрүнүүсү 5000 метр болгондуктан учактын экипажы аба ырайынын жакшырышын күткөн. Бирок андан майнап чыкпай, учак «Ош» аэропортуна конууга мажбур болгон», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE